Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов маалымдады.

«Айчүрөк Келдибекованын жаш кезинен боору ооруйт экен. Дарыгерлер 1 ай өмүрү үчүн күрөштүк. Бирок, организм алсыз болгондуктан илдетке туруштук бере алган жок», — деп билдирген Марипов «Турмуш» басылмасына.

Мындан сырткары бүгүн, 14-июлда, Бишкекте гепатолог-дарыгер Үмүтжан Мусаева жана Медициналык академиянын 21 жаштагы студенти Адинай Мурзабекова пневмониядан улам каза болду. Ал «Discovery» мейманканасында ачылган убактылуу стационарда ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан.

Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев учурда пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатканын «Азаттыкка» билдирген. Буга карабастан Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандар менен пневмония болуп ооругандарды эки башка эсепке алып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, COVID-19дан беш медкызматкер каза болгон. Алар: Жүзүмкан Көкүмбаева, Альберт Исмаилов, Жамал Тазабекова, Эдил Садыков жана аты аталбаган 59-жаштагы медайым. Бирок журналисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары коронавирус жана пневмониядан улам мындан да көп медкызматкерлер каза болгонун билдиришүүдө.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

14-июлга карата коронавирус 1 875 медкызматкерде аныкталды — бул жалпы оорулуулардын 16 пайызын түзөт. Алардын ичинен 570 медик илдеттен айыкты.