Коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 2 199га жетти

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн суткада коронавирус дагы 123 медициналык кызматкерден аныкталды. Ошондой эле, тогуз медкызматкер оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-июлдагы брифингде билдирди.

Илдетке чалдыккан медиктердин эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 40, Чүй облусунан — 26, Ош облусунан — 20, Ош шаарынан — 14, Баткен облусунан — 16, Ысык-Көл облусунан — бир, Жалал-Абад облусунан — төрт, Талас облусунан — эки медик COVID-19га чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 199га жетти. Ал эми жалпысынан 592 кызматкер илдеттен айыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына ылайык, коронавирус жуктурган жети медкызматкер каза болгон. Бирок чынында COVID-19дан жана пневмониядан көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.