Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 22-июлдагы брифингде коронавирус жуктурган дагы 44 адам каза болгонун кабарлады. Алардын ичинде жети бейтапта COVID-19 лабораториялык тастыкталган.
COVID-19дан каза болгондор:
Бишкек – 16;
Жалал-Абад облусу – 7;
Чүй облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 4;
Ош облусу – 3;
Ош шаарында – 3;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу – 1;
Баткен облусу - 1.
Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1 123 бейтап каза болду. Бул көрсөткүч COVID-19 жана ал шарттаган пневмониянын статистикалары бириктирилгенден кийин кескин өскөн.