Өкмөт: «Коопсуз шаардан» түшкөн штрафтарга тез жардам унаалары алынат — бул 145 млн сом

Өкмөттүн басма сөз кызматы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча түшкөн жалпы суммасы 145 млн сомду түзгөн каражат тез жардам унааларын сатып алууга жумшалаарын билдирди. Премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна бул үчүн керектүү документтердин баарын даярдоону тапшырды.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт 2019-жылдын башында жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн салынган штрафтардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө багыттоону чечкен болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү даярдык иштерин баштаганы айтылды.

Тез жардам унааларын сатып алуу боюнча иликтөө

Саламаттык сактоо министрлиги 15-июлда Дүйнөлүк банктын гранттык каражатына «В» классына кирген «Газель» үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын 764 900 долларга сатып алганы билдирген.

Айрым юристтер грант каражатына тез жардам унааларын сатып алууда баалар жогорулатылган болушу мүмкүндүгүн айтышкан. Алар тез жардам унааларын сатып алууга тендер өткөрүлгөн же жогун жана ага кайсы компаниялар катышканына кызыгышкан.

Юрист Эркин Саданбеков 16-июлда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго атына арыз жазган. Ал көзөмөл органынан жакында эле тез жардам унааларын сатып алууда бузуулардын болуп-болбогонун текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүш баштоону суранган.

Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов тендер өткөрүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, аны «эң эле төмөн баа сунуштаган» төрт компаниянын бири жеңип алган.

Исмаилов 13 автоунаанын үчөөсү — бул өпкөнү вентиляциялоо аппараттары жана заряддагыч түзмөктөрү бар болгон экинчи класстагы «Форд Транзит» реанимобилдер деп билдирген. Мындай комплектациядагы ар бир реанимациялык унаанын баасы 90 миң долларга туура келген.

«Машиналардын комплектациясы кадимки унаалардан айырмаланат. Компания машиналардын ичине орнотулган жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөткөн. Транспорт каражаттары жабдууланган. Эксперттик топ менен тендердик комиссиясы өз баасын берип, андан соң ӨКМдин адистери менен макулдашкандан кийин автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлгөн», — деп айтып берген Исмаилов.

Атайын дизелдик майы менен «Соболь» төрт иштешкич моделинин базасындагы калган автоууналар Кыргызстандын региондору үчүн сатылып алынган. Аларда жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек баллондору жана бейтаптарга ыкчам меджардам көрсөтүү үчүн жабдыктар орнотулган. Бир автоунаанын наркы «49 миң долларга чукул» акчаны түзгөн.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ: Адвокат тез жардам унааларынын сатылып алынышын иликтөөнү суранды