«Коопсуз шаар» боюнча штрафтан түшкөн акчалардын бир бөлүгү тез жардам кызматын каржылоого жумшалат

Иллюстративдик сүрөт

Өкмөт жол кыймыл эрежелерин бузуулардан түшүп жаткан айып пулдардын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө жумшоону чечти. «Коопсуз шаар» долбоорунун эсебинен аныкталган эреже бузуулардын саны өсүп, штрафтар да көбөйгөн.

Эки аптанын ичинде тармактык маморгандар өкмөттүк аппаратка өз сунуштарын киргизүүлөрү керек.

Машиналар менен атайын жабдуулардын жетишсиздигине жана айлык акынын аздыгына тез жардамдын кызматкерлери тарабынан бир нече даттануулар болгон эле. 

«Коопсуз шаар» — бул камералардын жардамы менен жол кыймыл эреже бузууларын каттоо боюнча мамлекеттик долбоор. Жолдорго камераларды орнотуу ишин орусиялык «Вега» компаниясы аткарып жатат.

Учурда «Коопсуз шаар» Бишкекте жана Чүй облусунда гана ишке кирген, дагы бир камера Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда турат. Бирок бийлик камераларды бүткүл өлкө боюнча орнотууну пландап жатат.