Кадамжай районунда жүргөн селден тургундар жабыркаган жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөнүн билдирди. Натыйжада райондогу бир нече күн мурун калыбына келтирилген 6 көпүрө жараксыз абалга келди.

Социалдык тармактарда тараган видеодо сел жолду жууп, кээ бир тургундардын үйлөрүнө да киргенин көрүүгө болот.

«Ак-Суу дарыясынан эки, жадагалса үч келет. Сел баарын жууп кетти», — деп комментарий берген видеонун автору.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» табигат кырсыгы адам өмүрүнө зыян келтирген жок деди.

«Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут, Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүргөн. Сел суулары негизинен сайларда жүргөн, айрым жерлерде ички жолдорго, эгин талааларга зыянын тийгизген», — деди Бердикулова.

Бердикулова учурда селден улам келтирилген зыян такталып жатканын кошумчалады

12-июлда жамгырдан улам облустагы Лейлек районунун да бир нече аймактарында сел жүрүп, турак-жайларды, үйлүрдүн короолорун, бала бакчанын жертөлөөсүн жана унаа жолдорун суу каптаган.

Ал эми 2-майда Исфана шаарында болгон селдин кесепетинен улам мамлекетке 69 млн сомдук зыян келтирилгени маалым болгон.