COVID-19дан жана ал шарттаган пневмониядан дагы 28 бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 28 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 28-июлда билдирди.

Алардын ичинен беш бейтаптан COVID-19 лабораториялык тастыкталган. Ал эми калган 23 бейтап коронавирус пайда кылган пневмонияга чалдыккан.

Каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 10. Ошондой эле Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында — экиден, Ош шаары, Ош жана Талас облустарында — бирден жана Жалал-Абад облусунда — тогуз бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 329 киши көз жумду — алардын арасында ондогон медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 33 844кө жетти. Жалпысынан 22 296 киши илдеттен сакайды.