Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 28-июлда өткөн брифингде билдиргендей, ведомство эл аралык уюмдардан, бизнесмендерден жана ыктыярчылардан гуманитардык жардам кабыл алууга тыюу салган буйрук же жарлык берген эмес.
«Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай буйрук болгон эмес жана бир да регионго берилген эмес. Учурдан пайдаланып, бизге жардам көрсөтн ыктыярчылардын, ишкерлердин жана жөнөкөй адамдардын бардыгына ыраазычылык билдиргибиз келет», — деп белгиледи ал.
ММКФнын каты
Бир нече күн мурда соцтармактарда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Жалал-Абад аймактык башкармалыгы боюнча башчысы Жыргалбек Осмоналиевдин колу коюлуп, Жалал-Абад облусунун врачтарына даректелген документ пайда болгон.
Документте эгер оорукананын жетекчилери дермөөрчүлөргө жардам сурап кайрылууну уланта берсе, «жеке жоопкерчилик» тартат деп айтылат.
«Мындан ары демөөрчүлөргө жардам талап кылуу жана өкмөттүн ишмердигинин беделин кетирген социалдык тармактарда жарыя кылуу менен кат түрүндө кайрылуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат», — деп айтылат документте.
Кийинчерээк ММКФ кечирим сурап, кызматкерлери «врачтарга кайрылуунун туура эмесирээк стилин» колдонушуптур деп түшүндүргөн.
Ыктыярчылардын жардамына тыюу салуу
ММКФнын катынан тышкары, врачтардын жардамдан баш тартуусуна ыктыярчылар да көңүл бурушкан. Назира Бейшеналиева kaktus.mediaга курган маегинде, врачтар «жогору жактын буйругунан» улам ыктыярчылардан жардам алуудан коркуп калышканын айтып берген.
«Биз эч кимге эч нерсе бере албай жатабыз, анткени врачтар жогору жактан келген буйруктун айынан жардам кабыл алуудан коркуп жатышат. Менимче, бийлик өзүнүн репутациясы үчүн күрөшөйүн деп жатат», — деген ал.
Дагы башка ыктыярчы жана «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева фейсбук барагында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазып, ыктыярчылардан жардам алганы үчүн коркутууларды алып жаткан ооруканалардагы врачтарга басым көрсөтүүнү териштирүүнү өтүнгөн.
«Мага эки күндөн бери өлкөнүн ооруканаларынын бардыгына менден жана менин ыктыярчылык боюнча кесиптештеримден, анын ичинде Бишкек Ротари Клубу жана Консулдар Клубунун мүчөлөрүнөн жардам албагыла деген бейрасмий буйрук берилгени тууралуу маалымат келип жатат. Маалымат берген булактарымды айта албайм, себеби жазага тартылып калуудан коркушат», — деп жазган ал.
Чыныбаева бийлик ыктыярчылар өз эрки менен дарыгерлерге жардам бергени үчүн аларды «жеке пиары үчүн алдамчылыкка» айыптаганына даттанган.
«Өлкөдөгү өтө курч көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, кесиптештериңиз биздин акча адалдаштырганыбыз тууралуу жокмокторду ойлоп таап, бизди жеке пиар үчүн алдамчылыкка айыптаганы абдан өкүнүчтүү. [...] Интрига менен алектенгендер жарандык коомдун ушунчалык күч аракеттерин өзүмдүк кыла алышпайт. Кыргызстандагы ыктыярчылыкты жеке пайда көрүү максатында көндүрүп, пультта кармоо мүмкүн эмес. Биз абдан көппүз жана биз ар тараптуубуз», — деген ал.
Кийинчерээк Чыныбаева президенттик администрациядан жооп алганын жазган. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары Алмаз Кененбаев ага президенттик администрация жардам алууга тыюу салбаганын жана «түшүнүксүз иш кылып аткандар боюнча чара көрүлөөрүн» убада кылган.
Врачтарга карата кысым
Аталган окуя бийлик жана маморгандар тарабынан врачтарга карата кысым болуп атканы ачыкка чыккан биринчи эле окуя эмес. Көбүнесе алар ооруканаларда медкаражаттар менен жеке коргонуу каражаттары жетишпей жатканына арызданган врачтарды айыпташат.
Ош облусунда медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып видеокайрылуу аркылуу жардам сураган врач Гүлмира Өмүржанованы кызматынан төмөндөтүүгө аракет кылышкан.
Жетекчилик анын сөздөрүн төгүнгө чыгарып, дары-дармектер бар деп билдирген. Бирок мекеме көмөктөшкүсү келгендердин жардамын алаарын, ошондой эле оорукана атайын жабдыктарга муктаж экенин мойнуна алган.
Апрель айында да Ысык-Ата райондук ҮМБнын врачы Бектур Апышевдин видеосу резонанс жараткан. Ал видеодо врач дезинфлормация үчүн кечирим сурап, иштеп аткан ооруканасында коргоо каражаттары жакшы экенин айтууга аргасыз болгон. Ага чейин Апышев твиттеринде шалбыраган беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, ал беткапты жумушта тагып жүрүүнү сунушташкан. Андан кийин эле врач жетекчиликтин кабылдоосуна кирип, соцтармактагы аккаунту өчүрүлгөн.
Өлкөдө 2 миңден ашуун дарыгер коронавирус жуктуруп алган шартта бул учурлар коомдук резонанс жараткан. Парламенттин депутаттары медиктердин укуктарын коргогон мыйзам кабыл алышкан, ал эми ССМден медкызматкерлерге басым болбошуна көз салынат деп убадалашкан.