Ош: Медициналык каражаттардын жетишпестигин айткан медик кызматынан төмөндөтүлдү

Гүлмира Өмүржанова. Сүрөт: Нурхан Жумабаеванын фейсбук баракчасынан алынды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб ооруканасынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Гүлмира Өмүржанова 10-июлда кызматынан төмөндөтүлдү. Ал мындан эки күн мурда медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып видеокайрылуу аркылуу жардам сураган болчу.

«Куршабдагы поликлиниканын жетекчиси Гүлмира Өмүржанова жетекчилик кызматтан алынды, бирок аталган жайда иштей берет», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Ал эми Куршабдагы оорукананын башчысынын орун басары Тургунбай Кадыров «Азаттык» басылмасына Өмүржанова эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектей турганын билдирген. Мунун себебин ал медкызматкер уруксат албай туруп, өз алдынча жардам сурап кайрылганы менен түшүндүргөн.

Видеокайрылууда Өмүржанова аталган ооруканага коргонуучу каражаттардан сырткары ИВЛ-аппараттар жана кычкылтек концентраторлору зарыл экендигин билдирген.

Көп өтпөй өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн фейсбук баракчасында аталган маселе боюнча Куршаб ооруканасынын башчысынын орун басары Кадыровдун видеокайрылуусу жарыяланган.

Кайрылууда Кадыров медициналык коргонуучу каражаттарга муктаждык бар экенин төгүндөгөн. Бирок медициналык жабдыктар жетишсиз экенин моюндаган. Ошондой эле ал туура эмес маалымат тараткан кызматкер жазалана тургандыгын белгилеп, анын кайрылуусу үчүн кечирим сураган.

Анткен менен Кадыров жардам берүүнү каалаган жарандар болсо оорукананын жетекчилиги менен байланышууну айткан.

10-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 9358 кишини түздү. Анын ичинен 52 киши Өзгөн районунан катталган. Өлкө боюнча илдеттен 122 киши каза болуп, 3134 бейтап айыкты.

Тема боюнча:

Ош: Медициналык каражаттарга муктаждык бар экенин айткан медик жазаланат