Азимжан Аскаровдун өлүмүн калыс иликтөө кажет — БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Лиз Троссел укук коргоочу Азимжан Аскаровдун «өлүм фактысы боюнча ыкчам, бейтарап жана натыйжалуу иликтөөнүн жүрүшүн камсыздаш керек» деп билдирди. Ал бул тууралуу 28-июлда Кыргызстан боюнча өткөн Женевадагы брифингде айтты.

«Укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаров өткөн эс алуу күндөрү Кыргызстандын түрмөсүндө каза тапканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, досторуна жана анын эркиндикке чыгышы үчүн аракет кылган укук коргоочу кесиптештерине терең көңүл айтабыз. [...] Адам укуктарына карата эл аралык укукка ылайык анын үй-бүлөсү компенсация алууга укуктуу», — деди Троссел.

Ал БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Аскаровду абактан чыгарууга уруксат берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине май айында кайрылганын эске салды. Ал ошол убакта 68 жашта болгон жана ден соолугу начар болгонуна байланыштуу ал пандемия шартында COVID-19га эң аярлуу болгон адамдардын катарында болчу.

«Акыркы апаталарда биз анын ден соолугунун абалы начарлап жатканы тууралуу маалымат алып турдук. Анткен менен бир топ чалууларга карабастан, Аскаровго тез медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес жана ал гуманитардык түшүнүк боюнча бошотулган эмес болчу», — деп айтты Башкармалыктын өкүлү.

Тросселдин маалыматына ылайык, 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров негизсиз кармоого дуушар болуп, адамгерчиликсиз шартта кармалганын аныктаган.

«Мындан тышкары, Аскаровго карата кыйноо колдонулуп, аёосуз мамиле жасалган, ал өз коргоосун тийиштүү түрдө даярдап алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган», — деп эсептейт Троссел.

Аскаровдун өлүмүнүн жагдайларын иликтөө тууралуу өтүнүчүнөн тышкары, Башкармалык Кыргызстандын өкмөтүн абактагы эң аярлуу адамдарды гуманитардык түшүнүк боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселени кароого чакырды.

Аларга аялдар, жашы жете элек адамдар, кары-картаң жарандар, коштоп жүргөн оорулары бар адамдар, коом үчүн коркунучту аз жараткандар, майда жана кичине тартип бузгандар, жакын арада абактан чыгууну күтүп жаткан адамдар жана ошондой эле кылмыш кылганы үчүн кармалып, бирок эл аралык укуктарга ылайык кылмышкерлер эмес деп таанылбаган адамдар кирет.

БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы COVID-19 абак жайларында жайылып кетиши мүмкүн деп эсептейт, анткени алар көп учурда ашыкча толуп калган, ал жакта кармоонун гигеналык шарттары сакталбайт, ал эми медициналык тейлөө такыр эле жокко эсе болушу мүмкүн.

Троссел эске салгандай, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү эл аралык нормалардын жана адам укуктары боюнча стандарттардын жолун жолдоорун «бир нече жолу жана жалпыга ачык» билдиршкен.

«Биз [COVID-19дун алдында аярлуу болгон адамдарды бошотуунун] талаптагыдай практиканын ийгиликтүү колдонушун көргөнбүз. Ошол эле кезде биз мурдагыдай эле көптөгөн өкмөттөр камакта отургандардын санын азайтуу боюнча кадамдаржы жасабай же эркиндикке чыгышы керектиги чечилгендерди бошотуудан баш тартып жатканына өтө кабатыр болуудабыз», — деди Троссел.

Ушуну менен экинчи эң ири эл аралык уюм Аскаровдун өлүмүнүн жагдайларын иликтөөнү талап кылды. Евробиримдик мындай өтүнүчү менен 26-июлда кайрылган.

«ЕБ Аскаров 2010-жылы камакка алынгандан бери анын сот процессине көз салып келген. Сот териштирүү боюнча биз бир нече жолу пикирибизди билдирип, аны бошотууга чакырганбыз. Аны бошотуу чакырыктарына карабастан, ал түрмөдө кайтыш болгону үчүн терең кайгыруудабыз. Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын жана өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта кармалганын аныктоо кажет», — деп айтылат ЕБдин билдирүүсүндө.

Азимжан Аскаровдун өлүмү

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда 47-колониянын ооруканасында кайтыш болду. Ал жакка укук коргоочу медкароодон өтүү үчүн которулган болчу. Анын адвокаты Валерьян Вахитов жана укук коргоо уюмдары бир нече жолу Аскаровдун саламаттыгы солгундап кеткенин кабарлашкан болчу.

Вахитовдун айтымында, Аскаров акыркы жолугушууда өз алдынча баса албай, аны колониянын кароолчулары жөлөп алып келишкен. Муну менен бирге укук коргоочу арыктап кеткен, ошондой эле ал дээрлик тамак жей албагандыктан ага глюкоза инъекцияларын сайып турушкан.

Вахитов коргоп жаткан адамы кубарып, жөтөтүп атканын да байкаган. Колониянын фельдшери адвокатка Аскаровдун ооруп жатканына 10 күн болуп калганын кабарлаган.

Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 28-июлда маркум Аскаровдун сөөгүн текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканын билдирген.

Медициналык корутундуда Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу толук пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу кемчилдиги себеп болгону айтылат.

Бул убакыттын аралыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы укук коргоочунун абалы начарлаганы айтылган маалыматты четке кагып, «бардыгы көзөмөлдө» деп көшөрүп туруп алган. Ал эми Аскаров кайтыш болуп калгандан кийин ЖАМК билдирүү таратып, укук коргоочу пневмония болгонун, ал эми маркум стационарда дарылануудан баш тартып туруп алган деп билдирген.

ЖАМКтын версиясына ылайык, укук коргоочунун баш тартуусуна карабастан ведомствонун кызматкерлери аны 47-колонияга которуп, ошол жерден Аскаров «кычкылтек концентраторунун беткабын чечип салып, ошондон улам көз жумган».

ЖАМК Аскаровдун сөөгүн туугандарына 27-июлда өткөрүп берди. Маркум укук коргоочунун адвокаты Валерьян Вахитов Kaktus.media-Osh басылмасына Аскаровдун сөөгү керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилээрин кабарлаган.

«Биз азырынча Өзбестандын бийлиги Аскаровдун сөөгүн киргизеби же жогун билбейбиз. Расмий жооп күтүп жатабыз. Туугандары аны Кыргызстанда жерге берүүдө коркушууда. Алар вандализмден чочулап турушат», — деп келтирет Вахитовдун айткандарын басылма.

Азимжан Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын аныктоо кажет — Евробиримдик