Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын аныктоо кажет — Евро биримдик

Европа биримдиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Ал 10 жыл абакта отуруп, 2020-жылдын 25-июлунда дүйнө салды. Билдирүүдө өлкөнүн бийлиги укук коргоочунун өлүмүнүн жагдайларын жана аны колонияда кармоонун шарттарын аныкташы керек деп айтылат.

«ЕБ Аскаров 2010-жылы камакка алынгандан бери анын сот процессине көз салып келген. Сот териштирүү боюнча биз бир нече жолу пикирибизди билдирип, аны бошотууга чакырганбыз. Аны бошотуу чакырыктарына карабастан, ал түрмөдө кайтыш болгону үчүн терең кайгыруудабыз. Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын жана өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта кармалганын аныктоо кажет», — деп айтылат ЕБдин билдирүүсүндө.

Мурдараак БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аскаров колонияда кыйноолорго кабылганын тааныган. 2016-жылы комитет Кыргызстандын бийлиги Аскаровдун өкүмүн жокко чыгарып, аны абактан токтоосуз бошотууну талап кылган, бирок бул ишке ашкан эмес.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова маркум Азимжан Аскаров өз керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилерин кабарлаган. Ошондой эле Исмаилова Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу өкмөттү сотко берээрин билдирди.

Аскаровдун өлүмү

Белгилүү укук коргоочу 25-июлда эртең менен №47 колониянын ооруканасында көз жумду. Ал бейтапканага бир күн мурда Чүй облусунун Жаңы-Жер айлындагы №19 абактан «Тез жардам» кызматы менен жеткирилген болчу.

ЖАМК Аскаров пневмонияга чалдыккан жана кычкылтек концентратордун маскасын айрып салгандан кийин каза болду деп ишендирет.

«Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле маалда 24-июль күнү «Клооптун» журналисттери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына Аскаровдун абалы боюнча суроо узаткан. Анда мекемеден ага медициналык жардам керек эместиги, анын саламаттыгы жакшы деп беришкен.

Аскаров 69 жашта болчу. Акыркы күндөрү анын саламаттыгы кескин начарлап кеткен эле. Маркумдун жактоочусу ал ооруканага жаткырылышы керектигин талап кылганы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абакта дарылоо үчүн «бардык шарттар бар» экенин билдиришкен.

«Мен өзүмдү жаман сезип жатам. Биз акыркы жолу жолугушканда аны мага жөлөп алып келишкен. Мен ага “Биз сизди жакшы көрөбүз, чыдап туруңуз!” десем ал ыйлап жиберди — сезди окшойт», — деп эскерди Аскаров менен болгон акыркы баарлашуусун Вахитов.

Вахитов ЖАМКтан укук коргоочунун өлүмү тууралуу медициналык тастыктаманы күтүп жатат. Аскаровдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилген. Анын жыйынтыгы 27-июлда чыгышы күтүлүүдө.

Тамактана албай да, баса албай да калган болчу

Буга чейин Адвокат Валерьян Вахитов укук коргоочу Азимжан Аскаровдон кабар алып, анын саламаттыгы начарлап кеткенин байма-бай кабарлап турган.

Вахитовдун айтымында, Аскаров өз алдынча баса ала тургандай абалда эмес болгон. Муну менен бирге укук коргоочу арыктап кеткен, ошондой эле ал дээрлик тамак жей албагандыктан ага глюкоза инъекцияларын сайып турушкан.

Вахитов коргоп жаткан адамы кубарып, жөтөтүп атканын да байкаган. Колониянын фельдшери адвокатка Аскаровдун ооруп жатканына 10 күн болуп калганын кабарлаган. Ал эми ЖАМКтан «Клоопко» Аскаровдун ден соолугунун абалы жакшы, ага меджардамдын кереги жоктугун, анын саламаттыгы начарлап кетти деген маалымат туура эмес экенин билдиришкен.

Азимжан Аскаров — Кыргызстандагы эң белгилүү укук коргоочулардын бири. Аскаров өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөрдү.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Укук коргоочунун ишинде көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар болгон. Мисалы ага өкүмдү негизинен милиционерлердин көрсөтмөсү боюнча чыгарышкан.

Укук коргоо уюмдары Аскаровдун куугунтукталышын анын ишмердүүлүгү менен байланышытырп келишет. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнү менен эл арасында таанымал.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ: Укук коргоочу Азимжан Аскаров Өзбекстанда жерге берилет