Оштун мэри коронавирустан каза болгондордун жакындарынан кабар алды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 30-июлда коронавирустан каза болгон мамлекеттик кызматкерлердин үйүнө барып куран окутуп кайтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, мэр Улуттук аза күтүү күнүнүн алкагында шаардык санэпидем борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын инспектору Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды.

«Мэр кабар алып, үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле вице-мэр жана мэриянын башка кызматкерлери коронавирустан каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн кабар алышат», — деди Абсаттаров.

Дарыгер Артыкбай Эралиев 6-июлда 62 жашында, ал эми Чыңгызбек Оморов 19-июлда 32 жашында кызмат өтөө учурунда коронавирус жуктуруп алып каза болушкан.

Ошондой эле пандемия башталгандан бери Ош шаарында бир нече мамлекеттик кызматкерлер дүйнө салды. Алардын арасында медиктер, мугалимдер, милиционерлер жана аткаминерлер да бар.

Шаарда 30-июлга карата коронавирус жана ал шарттаган пневмониянын жалпы 2 759 учуру катталып, анын ичинен 116 киши каза болду. Ал эми өлкө боюнча коронавирус жалпысынан 35 143 кишиден аныкталып — анын 1 364ү көз жумду.

Коронавирустан каза болгондорду эскерүү үчүн Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.