Ошто коронавирус жуктуруп алган 62 жаштагы дарыгер көз жумду

Артыкбай Эралиев

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев 6-июлда каза болду. Ал коронавирусту жуктуруп алып, шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жаткан болчу.

«Артыкбай Эралиевичтин кант диабети да бар болчу. Илдетти жуктуруп алгандан кийин оорусу да өтүшүп кетти окшойт, акыркы он күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан эле», — деди «Клоопко» маркумдун кесиптеши Өмүрзак Мырзалиев.

62 жаштагы Эралиев Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында туулган. 1981-жылы Kыргыз мамлекеттик медицина институтунун санитардык-гигиеналык факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Ош облустук санитардык-эпидемологиялык борбордон баштап, 1996-жылы Ноокат районундук СЭСте башкы дарыгери кызматын аркалаган. 1996-2001-жылга чейин Ош облусундагы ден соолукту чыңдоо борборунун башкы дарыгери, андан кийин эки жыл Ош шаардык СЭСтин башкы дарыгери болуп иштеген.

2003-жылдан тарта Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктуруп алып каза болгон дарыгерлердин саны тогузга жетти. Бирок COVID-19дан улам кайтыш болуп статистикага кошула элек медиктердин саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

7-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 1225ке жетти. Ал эми өпкө илдетинен сакайгандардын саны 515ти түздү.