Ош шаарында коронавирус жуктуруп алган милициянын ага лейтенанты каза болду

Чыңгызбек Оморов

Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкери Чыңгызбек Оморов көз жумду. Бул тууралуу 19-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Оморов COVID-19 илдетине чалдыгып каза болду. Милициянын ага лейтенанты 32 жашта болчу.

Буга чейин ушул эле мекемеде иштеген милициянын капитаны Улугбек Умаров кайтыш болгон. Ал жубайы экөө коронавирус жуктуруп алып ооруканага жаткырылган эле. Тилекке каршы Умаров да аталган илдеттен айыгып кете алган эмес.

Республикалык штаб 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун 26 532 учуру катталганын, анын ичинен 1003 киши кайтыш болгонун кабарлады. Азырынча штаб айыккандар менен дарыланып жаткандар боюнча маалымат бере элек.