Камиль Рузиевдин иши боюнча күбө УКМК тараптан басым болгонуна даттанды

Укук коргоочу Камиль Рузиевди алдамчылыкка айыптоо боюнча күбө катары өтүп жаткан Раиса Фалер 28-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбай Түлөбаевге даттанып кайрылды.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) кызматкерлери Рузиевге каршы көрсөтмөнү «алдоо» жолу менен кол коюуга мажбурлаганын билдирип, укук коргоочуга карата куугунтуктоону токтотууну өтүндү.

Камиль Рузиев документтерди жасалмалоо боюнча айыпталууда. Укук коргоочу ал органдардын өкүлдөрү менен УКМКнын кызматкерлеринин аракетсиздигине даттанганы үчүн ага иш жасалмалаып козголгон деп эсептейт.

Күбөнүн арызы

«Менин конституциялык укуктарымдын бузулушу боюнча чара көрүүнү, ошондой эле, коррупция жана психикалык басым фактылары боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнөм», — деп жазат ал арызда.

Фалердин айтымында, 2020-жылдын 1-июнунда УКМКнын эки кызматкери документтерин көрсөтпөстөн эле аны көрсөтмө берүү үчүн Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыктын имаратына алып келишкен.

«Мени алдоо жолу менен адаштырышты. Мажбурлоо менен көрсөтмө жаздырып, кол коюуну суранышты. Менин көрүүм начар болгондуктан, Камиль Рузиевге каршы документтерге кол коюптурмун, менин ага эч кандай дооматым жок», — деди ал.

Укук коргоочунун уулу Азат Рузиев бул маалыматты «Клоопко» ырастап, атасынын иши боюнча тергөө жана анын баш коргоо чарасы 29-сентябрга чейин узартылганын кошумчалады.

«Раиса Фалердин кайрылуусу күбөлөргө басым болгонун далилдейт. Мен бул боюнча фактыларды текшерип бергиле деп бир нече жолу президентке дагы, Ысык-Көл облусу боюнча башкы прокурорго дагы кайрылгам, бирок куру жооп гана алгам», — деп укук коргоочу Камиль Рузиев Vesti.kg басылмасына күбөнүн кайрылуусу боюнча пикирин айтты.

УКМКнын күбөлөр тартылган видеосу

3-июнда УКМК үч кыргызстандык тартылган видеону тараткан. Алардын кызыкчылыктарын кайсы бир убакта укук коргоочу Рузиев коргоп келген. Видеодо алар аны алдамчылыкка айыпташкан.

«Ал укук коргоочулук ишмердикке жамынып жана адвокаттык лицензиясы жок болуп туруп, кылмыш иштердин материалдарын укук коргоо жана сот органдарына коштоо үчүн деп алдоо жолу менен жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз алып турган. Ошол эле учурда ал өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес», — деп УКМКданбилдиришкен болчу.

УКМКнын видеолорунун биринде Раиса Фалер укук коргоочу өз кызматын көрсөтүүнү убадалап, ага 100 миң сомго мончо куруп берүүнү талап кылганын айтып берген.

«Ал менин майып баламдан ага мончо куруп берүүнү сураган. Бул жумуштун баары 100 миң сом турган. Ал мага мени отургузушпайт деп убадалаган, бирок ал сотко да келген эмес. Ал: “Муну кыл, тигини кыл” деп акча опузалап турган, анан биз аргасыздан банктан кредит алдык», — деп айтып берген аял видеодо.

Видео чыккандан кийин Рузиевдин уулу Фалер менен жолуккан. Ал Камиль Рузиевге карата эч кандай дооматы жок экенин видеого айтып берүүгө макул болгон.

«Мени УКМКнын кызматкерлери алып кетишкен, кайда экенин билбейм. Алар мени суракка алышты. Мончону ким курганы тууралуу сурашты. Мени 5 жылга отургузуп койбошу үчүн Камиль мени сотто коргогон. Менде Рузиевге карата доом жок. Ал мени акырына чейин коргогон», — деп айтып берген аял.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери аны таап, суракка чакырыш үчүн документтердин бүт архивин көтөрүп чыгышкан.

Камиль Рузиев болсо УКМКнын кызматкерлери анын күнөөлүү экенин далилдеш үчүн адамдарга басым жасап, аларга арыз жаздыртып жатканын айтты.

«Алардын мага эч кандай доосу жок болчу. Азыр алар [УКМКнын кызматкерлери] аларды ар кандай шылтоо менен [суракка] ташып жатышат. Мага бул адамдар аларды кайда алып баратышканын да билбей тургандыгын айтышты. Алар мен мурда жардам берген адамдарды издеп, аларды арыз жаздыртып жатышат», — деп айтып берди укук коргоочу.

Рузиевдин уулу укук коргоочу алдабай, тескерисинче жардам бергенин айтып берген адамдар тартылган бир нече видео жарыялаган. Бирок кийин алар УКМК тараптан агрессияга даттанып башташканда, укук коргоочунун уулу алардын коопсуздугу үчүн видеолорду өчүрүүгө аргасыз болгон.

Укук коргоочуну кармоо

Укук коргоочу Камил Рузиев 29-май күнү кечинде өзүнүн УКМКнын кызматкерлерине жана Ысык-Көл облусунун прокуроруна карата доосу каралып жаткан соттон чыккандан кийин кармалган.

Тергөөчүнүн айтуусу боюнча, ал иштердин бири боюнча күбө болчу. Бирок анын колуна кишен тагып, эки күнгө изоляторго отургузуп коюшкан, ал эми журналисттерге укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана «Документтерди жасалмалоого» шектелип жатканы тууралуу пресс-релиз жөнөтүшкөн. Ошол эле учурда ведомство бул беренелер боюнча иштерди карай албайт, анткени бул алардын укуктарына кирбейт.

Сот отурумунда иштен «Алдамчылык» беренеси алынганы белгилүү болгон. «Документтерди жасалмалоо» беренеси калды — ал Рузиевге берилген медициналык маалымкаттарга байланыштуу.

Мурдараак, Рузиев өлкөдөн чыгып кеткен акыйкатчы аппаратынын кызматкери жана анын уулдары тарабынан ур-токмокко алынгандыктан ден соолугу начарлап кеткен. Ал дарыгерлерге көрүнүп турган, андыктан ага берилген маалымкаттар анык деп айтууда.

Башка укук коргоочулар Рузиевдин кармалышын анын ишмердиги менен байланыштырышат — кармоого катышкан тергөөчү Рузиев доо койгон УКМКнын кызматкеринин кесиптеши болуп саналат. Бардык мыйзам бузууларга карабастан, 31-майда өткөн сотто укук коргоочуну эки айга үй камагына алуу чечими чыккан.

19-июнда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаардык сотунун Камиль Рузиевге карата иш козгоонун жана анын кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Болгону Рузиевдин жаза өтөө чарасы үй камагынан 29-июлга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тилкатка өзгөргөн. Азыр тергөө ал тилкатты 29-сентябрга чейин узартты.