Жээнбеков Лукашенкону президент болуп кайра шайланышы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Беларустун президенттигине талапкерлигин алтынчы жолу койгон Александр Лукашенкону мамлекет башчысы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем. Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Лукашенкону жеңиши менен куттуктап Кытайдын президенти Си Цзиньпинь, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев билдирүү жолдошту.

Литва ТИМинин башчысы Беларуста өткөн шайлоону адилетсиз деп атаса, Германиянын министрлер кабинети аны демократиялык эмес деп билдиришти. Польшанын премьер-министри Беларусь боюнча ЕБ саммитин чакырууну талап кылды.

Мурдараак Беларустун БШКсы шайлоонун жыйынтыктарын ачыктаган. Ага ылайык, Лукашенко добуштардын 80,2%ына, ал эми анын башкы атаандашы Светлана Тихановская добуштардын 9,9%ына ээ болгон.

Тихановскаянын штабында шайлоонун жыйынтыктарын таанышкан жок. Ал өзүн президенттик шайлоодо жеңгенин билдирди.

Лукашенко өзү президенттик шайлоо майрамдай өткөнүн айтты. Ошол эле учурда, ал «кимдир бирөөлөр» — чет өлкөдөгү жетекчиликтин алдында — бул майрамды бузгулары келишкенин белгиледи.

Беларустагы шайлоо 9-августта өтүп, шайлоо участкалары жабылгандан кийин массалык нааразычылык акциялары башталган. Себеби жарандар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан. Күч түзүмдөрү митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газды, катуу үн чыгаруучу гранаталарды, суу аткычтарды жана резина окторду колдонушкан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, атайын машина митингчилерди коюп кетип, бир адам каза тапкан.

Бирок ИИМ каза болгон адам тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. «Айрым интернет басылмаларда жайылып жаткан маалымат толугу менен фейк болуп саналаарына көңүл бурдургубуз келет», — деп билдиришти ИИМден.

ИИМдин расмий маалыматына караганда, нааразычылык акциялар өлкөнүн 33 шаарында өтүп, 3 миңден ашуун адам кармалды. Минск шаарында бир түндүн ичинде миңге чукул жаран кармалган.

Милиция 50дөн ашуун митингчилер жабыркаганын маалымдады. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын 39 кызматкери жаракат алган. Нааразычылык акцияларынан улам Беларустун Тергөө комитети кылмыш иштерин козгоду.

Лукашенко митингдер тыштан башкарылып турган деп эсептейт. «Биз аларды көрдүк — алар ушул түнү дагы жарык болуп жаркырашты. Биз чет өлкөдөн келген чалууларды жазып алдык. Польшадан, Улуу Британиядан жана Чехиядан чалуулар болду. Кечирип коёсуздар, биздин койлорду башкарышты: алар эмне кылып жатышканын түшүнүшпөйт, ошондуктан аларды башкара башташат», — деди Лукашенко.

Лукашенко каршылык акцияларынын уюштуруучулары «Минсктин борбордук бөлүгүндө өрт коюуга» аракет кылышканын, бирок мындан майнап чыкпаганын кошумчалады. «ОМОНдун 25ке чукул кызматкери жаракат алды. Колдору, буттары сынгандары бар. Бул балдарды атайын токмоктошкон. Алар жооп беришти. Эми боздоп ыйлап эмне кылабыз? Ошондуктан жооп адекваттуу болот. Өлкөнү туш-туштан талоого жол бербейбиз», — деди ал.

Жарандар нааразычылык акцияларды 10-августта да улантууну пландап жатышат.

Лукашенко Беларусту СССР таркагандан бери башкарып келет. Ал бийликте калуу үчүн өлкөнүн Конституциясын бир нече жолу өзгөрткөн.