Өзбекстандык журналист бир айга камакка алынды

Өзбекстандык көз карандысыз журналисти Бобомурод Абдуллаев

10-августта Бишкектеги Биринчи май райондук соту өзбекстандык көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 8-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды. Соттук отурум жабык өттү.

Журналисттин жактоочусу Тимур Карабаев «Азаттык» радиосуна Абдуллаев Өзбекстанда «Өзбекстандын президентине зыян келтирүү» жана «Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү» беренелери менен айыпталып жатканын бидирди.

Ал эми Абдуллаев сотко кирердин алдында журналисттерге мыйзамсыз өтүнүч менен кармалганын жана күнөөсүз экенин белгиледи.

Абдуллаевдин кармалышы

Журналист Абдуллаев 8-августта Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде Кыргызстандын УКМК кызматы тарабынан Ташкенттин расмий билдирүүсү менен кармалган.

Ал борбор калаага Борбордук Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен төрт айлык окуудан өтүү үчүн келген. Окуу курсу аяктаганда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан, ал кайра Европага кете алган эмес.

Абдуллаев Бишкекте жүргөн убагында анын өзбекстандык жактоочусу Сергей Майоров Ташкенттин укук коргоо органдарына атайын кат жөнөтүп, бирок Абдуллаевге карата даттануулар жок экендиги тууралуу жооп алган.

Өзбекстандык көз карандысыз журналист буга чейин 2017-жылы Өзбекстанда кармалган. Ага интернеттеги «Усман Хакназаров» каймана ысым менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялады деген айып тагылган. Сот Абдуллаевди 1,6 жыл эрксиз жумуштарга тартылуусун жана айлык акысынан 20 пайыз кыркылып туруу чечимин кабыл алган.

Тема боюнча:

Бишкекте УКМК тарабынан өзбекстандык журналист кармалды