Бишкекте УКМК тарабынан өзбекстандык журналист кармалды

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев. Сүрөт: «Азаттык» басылмасынан алынды

Бишкекте 8-августта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Абдуллаев Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал кармалган күнү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

«Азыркы учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Абдуллаев Кыргызстанда эмне кылып жүргөн?

Өзбекстандык көз карандысыз журналист Абдуллаев Кыргызстанга Борбордук Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен төрт айлык окуудан өтүү үчүн келген. Окуу курсу аяктаганда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан, ал кайра Европага кете алган эмес. Бул тууралуу Абдуллаевдин Кыргызстандагы жактоочусу Тимур Карабаев «Озодлик» радиосуна бидирген.

Карабаев билдиргендей, Абдуллаев борбор калаадагы тамактануучу жайлардын биринде Кыргызстандын УКМК кызматы тарабынан Ташкенттин расмий билдирүүсү менен кармалган.

Муну тактоо үчүн Абдуллаевдин Өзбекстандагы жактоочусу Сергей Майоров Ташкенттин Яккасарай райондук ички иштер бөлүмүнө жана Өзбекстандын коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына анын кардары кандай негизде кармалгандыгы тууралуу сурам кат жөнөткөн.

Бирок Майоровдун катына «Абдуллаевге карата кылымыш иши козголбогон» жана «анын дарегине арыз жана даттануу түшкөн эмес» деген жооп келген.

«Кара мерген»

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда Абдуллаев өзүнүн YouTube каналында кайрылуу жасап, фейсбуктагы «Кара мерген» каймана ат менен жарыяланган билдирүүлөргө тиешеси жоктугун айткан. Аталган баракчанын ээси деп андан бир нече блогерлер жана жазуучулар шек санашкан. Ошондой эле ал кайрылууда маалыматты четке кагуу үчүн бир нече аргументтерди келтирген.

«Мен жазган макалаларыма сөзсүз анализ жүргүзүп, саясий прогноз кылганга аракет кыламын, ал эми “Кара мергендин” жазгандарында бир да андай жагдай жок», — деген.

Абдуллаевге байланыштуу иш

Өзбекстандык көз карандысыз журналист буга чейин 2017-жылы Өзбекстанда кармалган. Ага интернеттеги «Усман Хакназаров» каймана ысым менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялады деген айып тагылган.

Ошондой эле Абдуллаев «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген берене менен айыптуу деп табылып, сот Абдуллаевди 1,6 жыл эрксиз жумуштарга тартылуусун жана айлык акысынан 20 пайыз кыркылып туруу чечимин кабыл алган.

Ал эми Абдуллаев бул каймана атты колдонгонун маюндап, бирок зордук-зомбулукка чакырык таштаган эмесмин деп билдирген. Ал 2018-жылдын 7-майында сот залынан бошотулган.