Москвада кыргыз мигрантын ашата сөккөн алып баруучу кечирим сурап, тараптар жарашты

Сүрөт: Мирбек Молдакунов

«Fashion TV Russia» телеканалынын алып баруучусу Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз мигранттарынан кечирим сурап, полицияга берген арызын алууну убадаланды. Бул тууралуу КТРКнын Москвадагы журналисти Мирбек Молдакунов фейсбук баракчасында билдирди.

Молдакунов ошондой эле кыргызстандык да алып баруучудан кечирим сурап, тараптар жарашканын белгиледи.

«Миграциядан [кызматынан] эжелерибиз келип “мындан ары чырдын кереги жок, ушинтип эле бүтүрөлү” дешти. Бизге деле чырды каалаган эмесбиз, өзү баштаган арыз жазып. Ушундай болуп калды, айла жок. Өзү биринчи кечирим сураганынан кийин мен да сурадым. Эгерде кечирим сурабаганда биз эч качан сурабайт болчубуз, себеби бизде күнөө жок. Биздин артыбызда кыргыз эли турат. Бардыгыңыздарга рахмат», — деди Цветков менен чырдашкан кыргызстандык Манап.

Ошондой эле, Манап жана анын жанындагы кыргызстандык кесиптеши жетекчилик аларга басым жасабаганын, тескерисинче колдогонун кошумчалашты.

«Депортациялайм»

12-августта Орусиянын белгилүү теле алып баруучусу Артур Цветков Москвадагы тамактануучу жайлардын биринде кыргызстандык мигранттарга орой мамиле жасап, алардын бирин сабоого аракеттенип жаткан видеосу тараган. Цветков ал менен сүйлөшкөнгө аракет жасаган Манапты ашата сөгүп, аны «депортациялайм» деп айткан.

Тасма кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында нааразычылык жаратты. Колдонуучулар Цветковдон кыргызстандыктардан кечирим суроону талап кылышкан.

Чырдан кийин алып баруучу өзүнүн Инстаграм баракчасында бул иш полицияга өткөнүн жана тамактануучу жайдын ээси андан кечирим сураганын билдирген.

https://www.instagram.com/p/CDyNYHBK_Sr/?utm_source=ig_embed

«Ашпозчу (Манап ашпозчу болуп иштейт — редакция) кардарлар менен сүйлөшпөй, өзүнүн жумушчу ордунда болушу керек. Бул мамлекетке келип, мыйзамды сыйлагандар үчүн — орус тилинде “сиз” деген кайрылуу бар», — деген Цветков.

Ал эми тамактануучу жайда иштеген Манап коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага берген маегинде чырды Артур Цветков беткапты тагынуу суранычын четке каккандыктан баштаганын айткан.

«Алар досу менен беткапсыз кирип, буюртма бере башташты. Кассадагы кыз алардан беткап тагууну суранды. Бирок ал кызды көзгө илбей, буюртма берүүнү улантты. Кыз ал бет кап тагышы керектигин дагы бир жолу кайталады. Анан ал кагаз сүлгүнү алып, мурдун жаап “болдубу, эми ыраазысызбы?” деп мыскылдагандай айтты. Кайрадан буюртма бере баштады. Кыз ага бул беткап эмес сүлгү деп, беткап тагынбаса тейлебей турганын айтты. Ал бизди сөгүп, досу менен чыгып кетишти», — деген ал.

Манаптын айтымында, Цветков досу менен беткап тагып кайтып келип, менеджерди чакырууну талап кыла баштаган. Манап алып баруучуга учурда эч ким жоктугун айткан, Цветков ага «сен кимсиң? Мен сүйлөп жатканда унчукпа, менин ким экенимди билесиңби?» деп кекеткен.

Кийинчерээк Цветков столдун үстүндө турган соустун идиштерин Манапка ыргытып, сабоого аракеттенген. Кыргызстандык ага жооп кайтарып, ал да соустун идишин ыргыткан.

Цветков окуя болгон жерге полиция кызматкерлерин чакырып, арыз жазган. Теле алып баруучу укук коргоо органдарынын жанында да кыргыз жарандарына орой мамиле жасаган. Кыргызстандыктар жооп кайтарып баштаганда, полиция кызматкерлеринин бири аларга «оозуңарды жаап тура аласыңарбы?» деп кайрылган.

Аталган жанжал боюнча интернеттин кыргыз сегментинде кызуу талкуу жүргөн. Кыргызстандыктар орусиялык алып баруучунун жоругун сындап, андан кыргыз мигрантынан кечирим суроосун талап кылышкан.