«Депортациялаймын». Москвада теле алып баруучу кыргыз мигрантын ашата сөктү

Орусиянын Москва шаарында «Fashion TV Russia» телеканалынын алып баруучусу Артур Цветков тез тамактануучу жерлердин биринде иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар менен кайым айтышып кеткен тасмасы пайда болду. Видеону «Акипресс» басылмасы 12-августта жарыялады.

Тамактануучу жайдын кызматкери «Акипресске» билдиргендей, жаңжал Цветков беткап таккысы келбегендигинен келип чыккан.

«Мен сени азыр өлкөдөн депортациялаймын, балит! Ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби, чмошник? Сен каяктан келдин бул жакка? Бул жакка эмнеге келдиң, чмо? Директоруңду чакыр», — деп Цветков кыйкырып жатканын тасмадан көрүүгө болот.

Ал эми кыргызстандык теле алып баруучуга «сен кимсиң өзү?» деген суроо узатып, «директор сага керек болсо өзүң чакыр» деп жооп кайтарган. Кийинчерээк Цветков мигрантты көздөй идиш ыргытып, ага кол көтөрүүгө аракеттенген. Окуяны тасмага тарткан аял да кыргызстандык болушу ыктымал. Анткени кызматкерлер бири-бири менен кыргыз тилинде баарлашкан.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келген. Алып баруучу кыргыз мигрантына каршы арыз жазды. Цветков укук коргоо органдарынын жанында да кыргыз жарандарына орой мамиле жасаган. Кыргызстандыктар жооп кайтарып баштаганда, полиция кызматкерлеринин бири аларга «оозуңарды жабып тура аласыңарбы?» деп айткан.

Ошондой эле видеонун автору кесиптешине кайрылып, анын коопсуздугунан кооптонуп жатканын белгилеп, үйүнө кантип кетет деп сарсанаа болгон. Ал эми алып баруучу менен чырдаша кеткен кыргызстандык көйгөй пайда болсо элчиликке кайрылаарын билдирген.

Макала жарык көрөөр алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен жана ИИМдин өкүлүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Артур Цветков Орусияда «Vj виджей Archi» каймана аты менен таанымал. Ал «Биринчи канал», «ТНТ», «MTV» жана «МузТВ» телеканалдарынын алып баруучусу болуп иштеген. Мындан тышкары ар кандай маданий, спорттук жана шоу-бизнес иш-чараларын алып барып келет. Ошондой эле ал Megapolis радиосунун диджеи жана Mail.ru социалдык тармактын жарнама компаниясынын жүзү.