Ноокенде имам байбичесинин жылдыгына каралган 15 миң сомду ооруканага өткөрүп берди

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

«Тоскоол Ата» мечитинин имамы Курманбек Акматалиев аялынын жылдыгын өткөрүүгө сарпталчу 15 миң сомду ооруканага берди — аталган мечит Жалал-Абад облусунда Ноокен районуна караштуу Тоскоол айылында жайгашкан. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Элдин саламатчылыгы үчүн күн-түн дебей өмүрүңөрдү тобокелге салып кызмат кылып жатасыздар. Мен дагы ооругандарга жардам берүүнү максат кылып, байбичемдин жылдыгына чыгымдоочу каражатты сиздерге тапшырууну туура көрдүм. Себеби сооп табуунун түрлөрү аябай эле көп чынында. Бирок биз тамак-аш тартуулоону гана адатка айландырып алганбы», — деди Акматалиев.

Акматалиевдин жубайы бир жыл мурун көз жумган. Имам аталган каражаттардын 10 миңин Ноокен райондук ооруканасына, ал эми калган бөлүгүн айылдык ФАПка берип, буга кеткен соопту байбичесине багыштамакчы.

Бир ай мурун Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Макмалчач Чыкыева коронавируска чалдыккандар үчүн 740 АКШ долларына эки кычкылтек концентраторун сатып алган. Аталган каражатты Чыкыева ажылыкка деп чогулткан. Концентратор менен муктаж адамдар акысыз ижарага алып пайдалана алышат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.