83 жаштагы эне ажылыкка чогулткан акчасына муктаждар үчүн эки кычкылтек концентраторун алды

Эркебай Зарипбеков энеси Макмалчач Чыкыева менен. Сүрөт: Эркебай Зарипбековдуку

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Макмалчач Чыкыева коронавируска чалдыккандар үчүн 740 АКШ долларына эки кычкылтек концентраторун сатып алды.

Чыкыеванын уулу Эркебай Зарипбековдун айтымында, 83 жаштагы эне каражатты ажылыкка баруу үчүн топтоп жаткан. Пандемияга байланыштуу ажы сапары болбой калгандыктан, энеси топтогон акчасына Коо-Чаты айылына деп Түркиядан эки кычкылтек концентраторун алдырган.

Бирок айылда эпидемиялык кырдаал туруктуу болгондуктан концентратордун бири «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук фондуна өткөрүлүп берилген, экинчиси Бишкек шаарынын коронавируска кабылган тургундарына берилип жатат.

«Муктаждар көп болгондуктан, азыр дагы бир аппарат алуу үчүн Туркияга буюртма бердик. Апамдын ажылыкка топтогон акчасы 3300 АКШ доллары болчу. Аппараттан ашканына дары-дармек алып, аны да акысыз тараталы деп жатабыз. Концентраторду алгандан бери бүгүнкү күнгө чейин төрт киши пайдаланып берди», — деди Зарипбеков «Клоопко».

Ошондой эле, Зарипбеков кычкылтек концентраторун айыл тургундарынын муктаждыгы үчүн алгандыктан бейтапканага өткөрүлбөй тургандыгын билдирди. Ал фейсбук баракчасында кычкылтек концентраторуна муктаж болгондорго кайрылуу жасап, байланышуу үчүн телефон номерлерин калтырган.

20-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 21 143кө жетти. Бул көрсөткүч Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандардын статистикасы бириктиргенден кийин дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Коронавирус менен ооругандардын 13 109у айыгып, 1 037 бейтап көз жумду. Учурда илдеттен 13 201 бейтап дарыланууда.