Элвира Сурабалдиева күздө боло турчу парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен барат. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына «Менин тандоом» жазып, сүрөт жарыялады. Анда Жанар Акаевди, Наталья Никитенкону, Элвира Сурабалдиеваны жана Рыскелди Момбековду көрүүгө болот.

Элвира Сурабалдиева 6-чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген. Ал КСДПдан чыгуу үчүн арыз жазганы 14-августта белгилүү болгон.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын катарынан Сурабалдиевадан тышкары Анарбек Калмаматов дагы арыз бергенин билдирген.

Сурабалдиева сыяктуу бир катар депутаттар дагы башка партиялар менен шайлоого аттанат. Алардын так тизмеси партиялардын съездди өткөндөн кийин белгилүү болот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага катышуу ниетин башында 44 партия билдирип, кийин БШК «Кыргызстан коммунисттери партиясын» тизмеден чыгарган. Партиянын лидери Исхак Масалиевдин «Клоопко» билдиришинче, аларда күрөө үчүн 5 млн сом жок болгондуктан шайлоого катышуудан баш тартышкан. Масалиев ошондой эле, шайлоо бир гана байлар үчүн болуп калганын айткан. Боршайком шайлоодон бир гана «Кыргызстан коммунисттери партиясын» расмий түрдө четтетти.

Учурда күздө боло турчу парламенттик шайлоого катышам деп ниетин билдирген партиялар съездерин өткөрүп жатат. Алар съездден кийин партиянын атынан депутаттыкка талапкер болгондордун тизмесин БШКга бериши керек. Боршайком партияларды 24-агусттан 3-сентябрга чейин каттайт.