Иллюстративдик үрөт

«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» быйыл күздө боло турчу парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Тийиштүү арыз менен партия Боршайкомго кайрылган. БШК 12-августтагы жыйынында партиянын арызын карап аны канааттандырды.

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары «Демократ» партиясы дагы шайлоого катышуудан баш тартканын Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Экс-депутат Исхак Масалиев

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» лидери Исхак Масалиев парламенттик шайлоого катышуу үчүн көп каражат керектигин «Клоопко» түшүндүрүп берди. Андан сырткары эмне үчүн баш тартышканына кенен токтолду.

«Биринчиден партиялар шайлоого катышуу үчүн 5 млн сом күрөө коюшу керек. Коммунисттер партиясында чындыгында анча каражат жок. 2017-жылы күрөөнү беш эсе көтөрүп салышкан. Экинчиден пандемия учурунда толук кандуу үгүт иштери жүрбөсө, эл менен жолукканга чек коюлуп жатса, үгүт иштери өз максатына жетпейт. Эң негизгиси шайлоо процесстери бир гана байларга таанымал болуп калды, ага чоң каражат керек. Ачыгын айтканда бизде андай каражат жок болуп калды», — деди ал.

Масалиев ошондой эле, пандемиядан улам бийлик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруунун жол-жобосун караштырса болмоктугун кошумчалады. Ал шайлоо маалында эпидемиологиялык абал курчуп кетиши ыктымал деп чочулайт.

Буга чейин да бир катар активисттер, депутаттар дагы шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу керектигин сунушташкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук талаадан чыкпашы керек деген негиз менен парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындаган.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген болчу. БШК партиялардан шайлоого катышуу боюнча билдирмелерди кабыл алууну 8-июлда токтоткон.

Эми парламенттик шайлоого катыша турган партиялар 5 млн сомдук күрөөнү атайын эсепке салышы керек.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын буга чейин кабарлашынча, 20-августка чейин ар бир партия съезд өткөрүп, өздөрүнүн 120 талапкерден турган тизмесин түзүп, ал эми 24-августка чейин тизмелерди БШКга тапшырууга үлгүрүшү керек.

Парламенттик шайлоо - 2020

Бийликтин шайлоону күзгө дайындоо чечими коомдо сынга кабылды. Айрым саясатчылар, депутаттар жана жарандар шайлоого кете турчу каражатты коронавирустун алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга жумшоо керектигин айтышты. Бирок мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук талаадан чыкпай турганын айтып, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө болорун билдирген.

Алгач парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 732 млн сом коротулары айтылган. Бирок кийин БШК чыгымдарды оптимизациялоо менен кете турган каражатты 446 млн 900 миң сомго чейин кыскартканын билдирген. Шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда болуп жаткандыктан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого 60 млн сом коройт.