Сурабалдиева КСДПдан кетет, бирок парламенттик шайлоого катышат

КСДПнын мүчөлөрү партиядан кетип жатышат. Партиянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, төраганын милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун атына депутаттар Элвира Сурабалдиева, Иса Өмүркулов, Кожобек Рыспаев жана Анарбек Калмаматовдон арыз келип түштү.

«Өмүркулов менен Рыспаев КСДПдан 2018-жылы эле чыгарылган. Элвира Сурабалдиева менен Анарбек Калмаматовдун арызын партиянын саясий кеңеши карап чыкты», — деп билдирди КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Сурабалдиева КСДПдан кетип жатканын ырастады. Анткен менен ал келе жаткан парламенттик шайлоого катышаары маалым болду.

«Ооба, күзгү шайлоого катышам. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар — өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете берем», — деп ал буга чейин айткан.

Эки жумадай калды, сураныч- чыдап туруңуздарчы. Ким кайсы партияга, кимдер менен, эмне себептен барганы жарыяланып,...

Posted by Elvira Surabaldieva on Thursday, 6 August 2020

Сурабалдиеванын кайсы партияга кирери азырынча белгисиз. Бирок айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, Сурабалдиева менен Калмаматов бийликтин «Биримдик» партиясына кириши мүмкүн.

«Биримдиктен» чыга турган талапкерлердин тизмеси партиянын съездинде жарыяланышы керек.

Политическая партия «Биримдик» проводит подготовку к проведению съезда На съезде будет презентована программа партии и...

Posted by Adilet Sultanaliev on Thursday, 13 August 2020

Эмне үчүн алар шайлоого КСДП менен барышпайт?

Иса Өмүркулов КСДПдан чыкканы тууралуу пикирин айткан.

«Ооба, КСДПдан чыгуу боюнча арыз жаздым. Белгилүү саясий окуялардан кийин ал жакта азыркы жагдайды көрүп турасыңар да. Ички карама-каршылыктан улам мындан ары моралдык жактан партиянын курамында боло албайм деп эсептейм», — деп ал «Вести» басылмасына айткан.

Ал «жагдай» деп КСДПнын ыдырап кеткенин айтууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуудан улам, өлкөдөгү эң чоң жана эң таасирлүү партия бийликтин партиясы макамын жоготуп, ыдырап кеткен.

Өткөн жылдын март айында эле КСДП «Атамбаевсиз КСДПга» жана ал бар партия болуп бөлүнүп кеткен. Партияга болгон бардык укуктар партиядан мурда четтетилген Сагынбек Абдрахмановго өткөн, ал эми анын көрүнүктүү мүчөлөрү — мисалы, фракциянын парламенттеги башчысы Иса Өмүркулов — Атамбаевге каршы чыгышкан.

Атамбаев калган КСДПда депутаттардын чакан бөлүгү жана анын тарапташтары эле калган. Бирок Атамбаев камалгандан кийин алар дагы өз ара чырдашып кетишкен. Ошентип Атамбаевдин уулдары башкарган «Социал-Демократтар» деген дагы бир бөлүгү КСДПдан бөлүнүп чыккан.

Мурдараак Боршайком КСДПны каттоодон баш тарткан — бул Атамбаевди колдобогон партиянын бир бөлүгү эле. Бирок сот бул чечимди жокко чыгарган. Ошондуктан, шайлоого катышуу тууралуу БШКга билдирүү берген партиялардын тизмесинде КСДП дагы, «Социал-Демократтар» дагы бар. Экинчилери шайлоо фондусуна акча сала башташты.

«Бүгүн бийлик Сагынбек Абдрахмановдун “Атамбаевсиз КСДП” мыйзамсыз [партиясы] келе жаткан парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Ошону менен шайлоочуларды адаштырайын дешет», — деп эсептейт Атамбаев үчүн КСДПнын лидери Анвар Артыков.

КСДПдан шайлоого Атамбаевдин каршылаштары катыша тургандыктан, анын тарапташтары «Социал-Демократтардын» атынан барышат.

Ушундай баш аламадыктан улам, убагында өлкөнүн эң таасирдүү партиясы деп эсептелген КСДП шайлоочулардын көңүлүн бура албай калышы ыктымал. Келе жаткан шайлоонун лидерлери болуп — бир тууган Жээнбековдорго байланыштуу делген «Биримдик» жана Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиялары эсептелүүдө.