Ошто «Гелендвагенде» бараткан өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылышты

Ош облусунун аймагында 21-августта «Гелендваген» менен оор жүк ташуучу унааны катышуусунда жол кырсыгы орун алды. Эки унаанын айдоочусу ооруканага түштү.

Соцтармактарда тараган тасмалардан жеңил унаада бараткандар той-маарекедеги кортеждин мүчөлөрү деп божомолдоого болот. Анткени «Гелендваген» үлгүсүндөгү бир нече унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, алардын бири карама-каршы келе жаткан «Камаз» үлгүсүндөгү оор жүк ташучу унаа менен кагылышып кеткен.

Ошондой кырсыктан кийин тартылган тасмадан унаанын алдында отургандар жаракат алганын көрүүгө болот. Кырсык орун алгандан кийин картеждеги башка унаалар да токтогон. Ал эми өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү классикалык стилде кийингени байкалган.

Ош облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев окуя облустун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында болгонун тастыктады.

«Жеңил унаанын 20 жаштагы айдоочусу унааны башкара албай оор жүк ташуучу унаа менен кагылышып кеткен. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, 20, 18 жана 14 жаштагы жүргүнчүлөрү жаракат алышып, Ош шаардык ооруканасына кайрылышкан», — деди Теңизбаев.

Ошондой эле, ал кырсыкка кабылгандар той-маарекенин катышуучулары эмес «жөн гана ойногону чыккан жаштар» деп ишендирди.

Ош шаардык ооруканасынын травмотология бөлүмүнөн ооруканага жол кырсыгына кабылган айдоочулар гана кайрылганын билдиришти.

Бөлүм башчы Махмуд Батыровдун айтымында, оор жүк ташуучу унааны айдоочусу нейрохиругия, ал эми «Гелендвагендеги» айдоочу травмотология бөлүмүндө дарыланып жатат.

«Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу боюнча так айта албайм. Ал эми биздин бөлүмдөгү айдоочунун абалы орто деп бааланууда. Бир күн жандандыруу бөлүмүндө болду, андан кийин палатага которулуп дарыланып жатат», — деди ал.

Окуя боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пандемияга карабай токтобогон той-маарекелер

Облуста эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу той-маарекелерди өткөрүүгө жана көп кишинин чогулуусуна тыюу салынган — президент Сооронбай Жээнбеков да Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө той маарекелерге расмий тыюу салууну сунуштаган.

Бирок буга карабастан той-маарекелер өтүүдө — буга чейин 18-августта облустун Өзгөн районунда той-маареке уюштурулган. Анда кортежге чогулгандардын бири тапанчадан ок чыгарып, андан соң ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле Өзгөн районун тургуну чектөөлөргө карабай той өткөргөндүгү үчүн суракка алынган.