Өзгөн: Тойдо тапанчадан ок чыгарган тургун кармалды

Соцтармактарда 18-августта «Өзгөндө тойдогу атыш» деген аталышта тасма тарады. Анда бир нече жигит жолтандабастардын алдында топтолуп бара жатканын көрүүгө болот. Ал учурда бир жигит «Нурик родной бактылуу бол» деп кыйкырып, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок чыгарган.

Ош ОИИБинен аталган тасма тойдо тартылганын тастыкташып, тапанчадан ок чыгарган жигит кармалганын билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, кармалган жаран 20 жашта, Алай районунун тургуну. Ал «Ээнбаштык» беренеси менен Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну өзгөчө кырдаал учурунда үйүндө уулунун үлпөт тоюн өткөргөндүгү үчүн суракка алынып, териштирүү иштери башталган.

«Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча той уюштурган үй-бүлө мүчөлөрү, тойдогу автоунаалардын кортежинде жүргөн атуулдарды суракка алуу жагы уюштурулуп, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Аширбаев учурда тапанчанын үлгүсү белгисиз экенин айтып, аны алуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Тапанча тойго келгендердин кимисинде экени белгисиз.