Бишкекте коронавируска чалдыккан бир адам каза болду — жалпы 1 058 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августта кабарлагандай, акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы бир бейтап көз жумду. Маркум Бишкек шаарындагы ооруканасында дарыланып келген.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 058 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алгач COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайтты.

Каза болгогондордун арасында 30-июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 43 358 учуру катталды. Ооругандардын 37 217си илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.