Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого баруу ниетин билдирген Турсунбай Бакир уулунун партиянын үстүнөн берген арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКга съездде бекитилген тизмени эмес, кийин өзгөртүлүп толукталган тизмени бергенин айтып, партияны шайлоого катышуу үчүн каттабоону суранган. Анын айтымында, ал съездде бекитилген тизме боюнча алдыңкы 20 талапкердин катарында болчу. Кийин тизме өзгөрүп кетип, талапкерлердин катарынан таптакыр чыгып калган. Ал ошондой эле, Мадумаров тизменин алдыңкы катарына кирүү үчүн партиядан 200 миң доллар сурашканын да билдирген.

Боршайком өз жыйынында партиянын ичиндеги маселелерди кароо алардын укуктарына кирбей турганын айтып, Бакир уулунун арызын канааттандырган жок. Ошол эле учурда Бакир уулуна бул маселени чечип алуу үчүн сотко кайрылууну сунуштады.

Жыйындан кийин Турсунбай Бакир уулу чындыкты табуу үчүн бардык аракеттерди жасарын журналисттерге билдирди.

«Мен чындык издөө үчүн Венера менен Марста дагы сот болсо ошол жакка кайрылам», — деди ал.

«Бүтүн Кыргызстанды» тооруган «бүдөмүк» иштер

Буга чейин бир катар саясатчылар «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого бирге аттана турганын билдирип, кийин партиядагы айрым жагдайлар алардын принциптерине туура келбей турганын айтып чыгып кетишкен. Партияны таштагандардын арасында мурдагы вице-премьер-министр Темир Сариев бар.

Ошондой эле, он жылдан бери партияда жүргөн Динимухамед Ыбырайымов дагы партиядан чыккан. Ал мындай кадамын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордун тизмесин түзүүдө партия лидери Адахан Мадумаров менен пикири келишпей калганын айткан. Партиянын дагы бир мүчөсү Мирзахит Мырзаев да «белгилүү бир себептерден» улам кеткенин фейсбук баракчасына жарыялаган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катыша турган партияларды Боршайком бүгүн каттап бүтүшү керек. Буга чейин БШКга 17 партия шайлоого катышуу үчүн тийиштүү документтерин тапшырганы айтылган. Алардын арасында сот аркылуу шайлоого катышуу укугун кайтарып алган «Кыргызстан» партиясы дагы бар.