Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимин карап чыгып, аны партиянын пайдасына чечип берди. Жогорку соттун өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт.

Аталган партия менен күздө боло турчу парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков, Канат Исаев, Шаршанбек Абдыкеримов (Аю Холдинг ишканасынын жетекчиси), Тазабек Икрамов жана башкалар аттанууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жогорку соттун отурумунда тийиштүү документтерди «Кыргызстан» партиясынын ыйгарымдуу өкүлү эмес башка белгисиз киши алып келип, мыйзамды бузганын айтты. Андан сырткары ал киши атайын каттоо журналына катталып, кой койбогонун билдирди.

БШКнын өкүлү документтерди алып келген өкүлгө атайын билдирүү каты берилерин кошумчалап, «Кыргызстан» партиясынын документтерин алып келген кишиге андай документ берилбегенин дагы кошумчалады. Ошол эле маалда партиянын ыйгарымдуу өкүлү ден соолугуна байланыштуу документтерди алып келе албай турганы боюнча БШКга кабар берилбегенин айтты. Андыктан Боршайкомдун кызматкерлери партиянын ыйгарымдуу өкүлүн издеп, ага телефон чалышканда жооп берген эмес.

Бирок «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Боршайкомдун өкүлүнүн айткандары менен макул эместигин айтты. Ал партиянын ыйгарымдуу өкүлү өзүнүн милдеттерин аткара албай турган кырдаалга кептелгенде анын атынан башка киши ыйгарымдуу өкүл катары барып тапшырганга КРдин мыйзамдары уруксат берерин кошумчалады. Андыктын Жогорку соттон биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырууну суранды.

Ал эми партиянын лидери Канат Исаев белгисиз деп жаткан адам партиянын катчылыгында иштеген ишенимдүү киши экенин айтып, ага ыйгарымдуу өкүл тарабынан ишеним каты берилген деп ишендирди.

Жогорку сотто БШКнын «Кыргызстан» партиясынын үстүнөн берген арызы каралып жаткан учурда имараттын тышында жарандык активисттер жана аталган партиянын 100дөгөн өкүлдөрү чогулушкан. Жарандык активисттер эски аянтка партиянын желегин көтөрүп алып келген тарапташтарына карата «Саткын!», «Сот сатылба» жана башка сөздөрдү айтып кыйкырышты. Партиянын өкүлдөрү «Кыргызстан» деп ураан чакырышты. Чогулгандар ортосунда чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактаганга аракет кылышып, тараптарды эки жакка бөлүп кармаганга аракеттерди көрүштү.

«Кыргызстандын» айланасындагы чыр

20-августта «Кыргызстан» партиясы БШКга керектүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербегенин бир катар жарандык активисттер менен партиялардын өкүлдөрү айтып чыгышкан. Алар кечинде Боршайкомдун имаратынын алдына чогулуп, «Кыргызстан» партиясын каттабоону талап кылышкан.

Кеч кирип кеткенине карабай Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова келип, чогулгандар менен жолуккан. Активисттер имараттын ичиндеги видео байкоого жазылып калган тасманы көрүп чыгууну талап кылышкан.

Жыйынтыгында БШК тасманы көрсөтүүгө макул болгон. Активисттер партиянын өкүлү видеобайкоодо көрсөтүлгөн убакыттан кеч калганы тасмада дагы көрүнүп турганын айтып, партияны шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Ошол эле учурда видеодон партиянын керектүү документтерин партиянын ыйгарымдуу өкүлү эмес башка киши алып келгени ортого чыккан. Анын келген учуру БШКнын атайын каттоо журналына чийилип оңдолгон. Башкача айтканда саат 17:59га оңдолгон. Шайлдабекова бул жагдайды атайын жумушчу топ 24 сааттын ичинде карап чыгарын убадалаган. Эртеси БШКнын жыйынында анын мүчөлөрү партиянын документтерин кабыл албай турганын билдиришкен.

Партия Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган, сот өкүмдү «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечип берген. Бирок БШК биринчи инстанциянын чечими менен макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кайрылган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.