Ошто 20 жаштагы кызды эки жолу ала качууга аракеттенишкен. Милиция тергөөнү баштады

Ош шаарында 2-сентябрга караган түнү үч бала 20 жаштагы кызды «ала качууга» аракеттенген. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы жабырлануучу кыз курбусу менен жумуштан үйүнө барганда шектүүлөр аны «ала качууга» аракет жасашкан. Ал эми кыз ызы-чуу салган соң ошол жерде жашаган милиция кызматкери Эрмек Арзиев кызды куткарып калган.

Ош ШИИБ бул окуя боюнча «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат.

Окуяга күбө болгон тургундардын бири «Турмуш» басылмасына билдиргендей, шектүүлөр кызды сүйрөп унаага салганы жатканда үйдүн алдында башка балдар да жүргөн. Бирок алар кызга жардам беришкен эмес.

«Бир кошунабыз жардамга баргыча балдар унааларына отуруп, кызды таштап качып кетишти. Бирок үйдүн алдында да башка балдар турган экен. Алар жардам берип коюунун ордуна карап турушту. Менин ошого аябай зээним кейиди», — деген ал.

«Биринчи жолу эмес»

Жабырлануучу кыз билдиргендей, шектүүлөрдүн бири аны экинчи жолу ала качууга аракеттенген. Алгач кызды жарым жыл мурун ошол эле балдардын тобу унаага салышып, Ош облусунун Ноокат районуна алып барышкан.

«Үйүнө барганда “эгерде мени үйүмө алып барып койбосоңор, үстүңөрдөн арызданып каматам” дедим. Анан атасы: “Кызды кайсы жерден алып келсең, ошол жакка жеткирип кой” деп айтты. Мени кайра үйгө алып барып, кечирим сураганда кечирген болчумун», — деди жабырлануучу.

Көп өтпөй бала кыздын WhatsApp мессенжерине союлган жана сабалган кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, «мага тийбесең акыры сени ушунтип союп кетет окшойм» деп коркута баштаган. Мындан улам кыз жашаган дарегин, иштеген жерин жана телефонун алмаштырууга аргасыз болгон.

Ошондой эле, кыз милицияга арыз менен кайрылып, шектүү ага жөнөткөн сүрөттөрдү жана каттарды да көрсөткөн. Бирок белгисиз себептерден ал арыз катталган эмес. Оштун милициясы бул факты боюнча кызматтык иликтөөнү баштады.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17 кыз эркине каршы алакачылган.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Мындан эки жыл мурун Бурулай Турдалы кызы алакачылып, киши колдуу болгон — бул коомдо чоң резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге ала качылып бараткан кыз менен чогуу камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулганы менен коомдо дагы деле кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлагандардын аягы тыйыл элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт? o_0

КТРКдагы сериал ала качууну жакшы өңүттө көрсөткөн. Бул эмне үчүн жаман экенин түшүндүрөбүз