БШК: «Мекеним Кыргызстан» партиясы «паспорт чогултуп, акча берет» деген маалыматты ИИМ текшерүүдө

Учурда социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенджеринде «Мекеним Кыргызстан» партиясы «добуш сатып алууга аракет кылып жатат» делген телефон сүйлөшүү тарап жатат. Айрым колдонуучулар аталган партия паспортторду чогултуп жатканын фейсбукта да жазышууда. БШК биринчи учурду мыйзам бузуунун бар-жогуна карап чыгат.

«Матраимовдор каржылап жатат. Бир добуш 2 миң сом»

WhatsApp мессенжеринде тараган аудиодон өзүн Аттакур деп тааныштырган киши Тамара аттуу аялга «Мекеним Кыргызстан» партиясы боюнча сурап чалганын угууга болот. Өзүн Комсомолдон болом деп тааныштырган киши аялга “көк паспорту” бар экенин айтып, эгер балдарды алып барса ага акча берилеби деп кызыккан. Ал эми аял кандай паспорт керек экенин түшүндүрүп, канча акча берилерин айтып берген.

«Мага жаңы чип коюлган көк паспортуңду алып келесиң. Мен каттап алам, эртең жөнөтөм, бүрсүгүнү паспортуңар акчасы менен кайра келет, таратып берем. Бирок мындай, 4-октябрда мен шаарга бусик менен жүктөп кетем. Шайлап чыккандан кийин кайра миң сомдон аласыңар. Ошондо бир кишинин добушу 2 миң сомдон», — деп аял айтып берген.

Шайлоочу өзүнүн ыңгайына карап шайлоо күнү добуш бере турчу жерин №2 формасынын жардамы менен алмаштыра алат. Ал үчүн шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясына өзү келип арыз бериши керек. Жогоруда айтылгандай кимдир бирөө кишилердин паспортторун чогултуп алып, аларды тобу менен бир жерге каттата албайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов №2 формасын толтуруу үчүн ар бир жаран өзү кайрылышы керектигин айтат. Анын бармак издери алынып, жүзүнүн параметри идентификациядан өткөндөн кийин гана шайлоочунун дареги алмашылат. БШКнын системасына №2 формасын кимдер, качан толтуруп жатканы боюнча маалымат келип турат.

Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого туруу жана добуш берүү менен негизинен добуштарды сатып алуу ишке ашырыларын айтышат. Мындан тышкары, партиялар аймактар боюнча белгиленген 0,7 пайыздык шайлоо босогосунан өтүү үчүн шайлоочуларды башка жерге каттатышат.

Андан сырткары аял жиберилген паспорттор Бишкектин Биринчи май районуна убактылуу каттоого алынарын айткан. Бул аймактан Ош облусундагы Алай районунун 1981-жылы туулган тургуну талапкер болуп шайлоого катышарын белгилеген.

«Бул Дөң-Алыш [Кочкор району] менен неменикин [кайсы аймак экени белгисиз] мен чогултуп жатам. Бул жактан канча паспорт деп сыртына жазып жөнөтөм, алар тосуп алып, Биринчи май районуна убактылуу каттоого тургузушат. Анан кайра мага салып жиберет, бул жактан тосуп алып, силердикин берем. Мына акчаңар, паспортуңар келди деп», — дейт ал.

Ошондой эле, аталган аял Бишкекке бекер алып барып келерин эскерткен. Анын ырасташынча ушул сыяктуу иштерге кеткен чыгымдарды Матраимовдор төлөп берип жатат:

- Негизи Матр… Матраимов дегендерди билесиңби, ошол каржылап жатат буларды, акчаны ошол берип жатат. Ибраев Матрайымбы, атына дагы тилим келбей жатат.

- Райым миллионбу?

- Ии, Райым миллион, ошол. Ошондой.

- Макул.

- Макул.

Деп Аттокур жана Тамара аттуу тургундардын сүйлөшүүсү аяктайт. Телефон сүйлөшүүдө Аттокур деген киши Комсомол айылынан экенин айткан. Ошондой эле, Дөң-Алыш айылынын да аты аталган. Бул айылдар Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан. Окуя Нарында болгон деп божомолдоого болот.

«Мекеним Кыргызстан»: Укук коргоо органдары текшериши керек

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып жаткан журналист Элнура Алканова «Клоопко» соцтармактарда тарап жаткан мындай билдирүүлөрдү укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керектигин билдирди. Ал ошондой эле, алдын ала текшербей, билип-билбей башка бирөөлөрдү «атайылап бизге каршы жасап жатат» деп айыптоодон алар алыс экенин кошумчалады.

«Себеби, биз текшере элекпиз жана текшере дагы албайбыз. Кантип, кандай учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын аты аталып жатканы бизге белгисиз болуп жатат. Биз укук коргоо органдарынан суранат элек, ушундай билдирүүлөр, видео тамсалар кайсы негизде пайда болгонун текшерүү зарыл. Алар текшерип чекит коюшу керек. Чындыгында ушундай болгон деп айтуу үчүн бизге текшерүүнүн жыйынтыгы керек», — деди ал.

«"Мекеним Кыргызстанга" добуш бересиң»

Бул партия добуш сатып алууга аракет кылып жатканы боюнча ачыкка чыккан биринчи эле учур эмес. Фейсбуктун Зулайка Эркимбаева аттуу колдонуучусу квартал башчысы анын ата-энесин «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берүүнү талап кылып жатканын жазып чыкты.

Анын апасы инилерин мектепке киргизүү үчүн маалымкат алууга барган. Бирок квартал башчысы бир эле инисине справка жазып берип, экинчисине алар «Мекеним Кыргызстан» үчүн добуш беребиз деп паспортун алып келгенде берерин айткан.

«"Мекеним" — Матраимовдордун партиясы. Кыргызстан — керемет өлкө. Эми прокуратура менен “укук коргоо органдарына” кайрылуунун кажети барбы деп ойлонуп жатам», — деп жазган Эркимбаева.

Квартальный требует, чтобы родители проголосовали за "Мекеним Кыргызстан" и не выдаёт справкиМама обратилась за...

Posted by Зулайка Эркимбаева on Thursday, August 27, 2020

Мындан тышкары Бакай Кулов аттуу Фейсбук колдонуучусу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 10 паспорт алып келгендерге 5 миң сомдон берип жатканын таанышынан угуп, кийин өзү күбө болгонун жазган. Бирок кийинчерек ал билдирүүсүн өчүрүп салган.

«Бүгүн жолдо кетип баратып эски досума жолугуп калдым. KICB банк жакка таштап койчу деди, сүйлөшүп бара жатып айтып калды: «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы 10 паспорт алып барсаң 5000 сом берип жатат деп. Өзүм кирип күбө болдум! Бул туура нерсеби?» — деп ал суроо салган.

Элнура Алканова «Клоопко» берген түшүндүрмөсүндө партия мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабаганын жана андай кылбайт деп ишендирди.

«Партия ачык-айкын жана адилет шайлоону колдойт. Эгер бирдей шарт болуп, мыйзамдуулук сакталып, добуштар сатып алынбаса, административдик ресурстар колдонулбаса, биздин шайлоодо жеңишке жетерибизге шанс бар», — деди ал.

БШК: Кочкордогу окуяны ИИМ иликтеп жатат

БШКнын алдындагы түзүлгөн арыз даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобу Кочкордо болду деген окуяны ИИМ иликтей турганын «Клоопко» билдирди. Бул жумушчу топко Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын жана Боршайкомдун өкүлдөрү кирет.

«Алар шайлоо жараяны учурунда мыйзам бузуулар болду деген учурларды карап чыгат. Материалды карап, изилдешет жана багытына жараша аны иликтей турчу органга жөнөтүлөт», — деп жумушчу топтон маалымдашты.

Анткен менен ИИМден жана Нарын облустук милициясынан бул ишти чындап эле алар иликтеп иликтебегенин тактаганга мүмкүн болгон жок. Алар менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

Коомдо «Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — OCCRP, «Азаттык» жана Kloop даярдаган «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү. Ошондой эле, бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкерелеген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы алгач 17 партияны каттаган. Бирок «Кыргызстан» партиясынын өкүлү документтерин кеч бергени үчүн БШК аларды шайлоодон четтеттүү чечимин кабыл алган. Ал эми Бишкектин административдик соту бул ишти карап, аны «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечип берген. БШК өкүмгө макул болбой кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекеним Кыргызстандын» талапкери «Биримдиктин» өкүлүн паспорт чогултууга айыптады

БШК ырчы Бек Борбиевдин клибинде «Мекеним Кыргызстанга» үгүттөө бар-жогуна карап чыгат