Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн жаңы окуу жылы аралыктан билим алуу менен башталды. Мындай чечимди бийлик өлкөдөгү коронавирустун кырдаалына байланыштуу кабыл алган. Азырынча мектепке биринчи класстын окуучулары гана барууда.
Анткен менен бийлик күзүндө оору жуктургандардын саны өсүшү мүмкүндүгүн айтып эскертүүдө. Муну менен катар эле өлкөдө 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоо өтүшү керек, ал эми 4-сенбярда үгүт жүргүзүү иштери башталды.
Балдар өткөн окуу жылынын төртүнчү чейрегинен бери үйдөн чыкпай билим алып жатышат. Ал учурда билим берүү министрлиги мектеп окуучулары билим алышы керек болгон атайын программаны иштеп чыккан. Бирок ведомствонун окутуу ыкмасы көптөгөн кемчиликтерди көрсөткөн.
Ата-энелер ведомство иштеп чыгарган окутуу видеоматериалы мектеп окуучуларына түшүнүктүү эмес болгонуна, окутуу программасы бар мобилдик колдонмолор жана сайттар начар иштеп же такыр эле иштебей жатканына даттанышкан. Аймактарда абал кыйла татаалыраак. Зарыл гаджеттер жана интернеттин жоктугунан улам окуучуларда сабак окууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Изилдөө ата-энелердин бир бөлүгү балдарын окутуш үчүн зомбулукка барып атышкан бышыктаган.
Белгилүү болгон көйгөйлөргө карабастан бийлик аралыктан окутуу формасын кайрадан жаңы окуу жылынын биринчи чейрегине жылдырган. Ата-энелер жана мугалимдер да окуу системасы бул үчүн толук кандуу иштелип чыккан эмес деп эсептешет.
Ата-энелер аралыктан окутуу формасынан жайында эле чочулап турушкан, бирок сентябр жакындаган сайын соцтармактарда ушундай окутууга даттануулардын саны көбөйгөн: балдар материалды начар өздөштүрүүдө, интернетке байланыштуу көйгөйлөр жаралууда, гаджеттер жок же баарына жетишпейт, кээ бирөөнүн көрүүсү начарлоодо.
Арадан эки күн өткөн соң кыргызстандык Татьяна Кудрявцева дагы бир көйгөйгө тушуккан — иштебеген интернет:
Интернет колдонууда маселе жаралганын айтып арызданган дагы бир ата-эне:
ДАГЫ ОКУҢУЗ: