Баткен облусунда коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Баткен облусунда COVID-19дан бир бейтап көз жумганын кабарлады.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 061 киши каза болду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайтты.

Каза болгогондордун арасында 30-июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 44 227 учуру катталды. Ооругандардын 39 426сы илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.