БШК парламенттик шайлоого 15 саясий партияны каттады — тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арасынан 15инин талапкерлер тизмесин каттады. Маалымат БШКнын расмий сайтында жарыяланды.

Шайлоого катышуучу партиялардын тизмеси:

«Ата Мекен»;

«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан»;

«Бир Бол»;

«Замандаш»;

«Мекен Ынтымагы»;

«Мекенчил»;

«Ыйман Нуру»;

«Республика»;

«Реформа»;

«Ордо»;

«Мекеним Кыргызстан»;

«Социал-демократтар»;

«Биримдик»;

«Кыргызстан».

Алгач БШК «Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесин каттабай, документтерини кайтаруу чечимин кабыл алган. Буга партиянын тийиштүү документтерин Боршайкомго 24-августта «Кыргызстандын» ыйгарымдуу өкүлү эмес, башка белгисиз киши алып келгени себеп болгон. Мындан сырткары партиянын документтери белгиленген мөөнөттөн кеч алып келинген деген пикирлер айтылган, бирок БШК бул жерде мыйзам бузууну көргөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы менен макул болбогон «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Бишкек административдик сотко кайрылышкан. Биринчи инстанциядагы сот «Кыргызстандын» доосу канааттандыруу жөнүндө токтомун кабыл алып, кийинчерээк Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Ошондой эле БШК «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын документтерин каттоодон баш тартты. «Актив» партиясы 5 млн сомдук «шайлоо күрөөсүн» төлөгөн эмес жана талапкерлердин тизмесинде «гендердик теңдүүлүк» сакталган эмес.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлердин тизмеси съездде кабыл алынган тизме менен дал келбейт деген жүйөө менен шайлоодон четтетилген. Мындан сырткары БШКнын мүчөлөрү партиянын курултайында добуш берүү купуялуулугу бузулганы белгилешти. Съезд учурунда тартылган видеодо делегаттар ачык эле түрдө бюллетендерди толтуруп жатканы көрүнгөнү айтылды.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова саат 17:53тө эле «Бүтүн Кыргызстанды» каттоо жөнүндөгү чечимдин долбоору БШК мүчөлөрүнүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Абдрахматованын айтымында, анда документтер мыйзамга туура келерин жумушчу топ белгилеген. Бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүп кеткени. «Бир сааттык тыныгуу учурунда эмне өзгөрүп кетти? Бизге жөнөтүлгөн чечим долбоорунда "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо деп жазылган» деп ал БШКнын жумушчу тобуна суроо салды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү чечим танапис учурунда өзгөртүлгөнүн тастыкташты. Жыйынтыгында ал добушка коюлуп, тогуз киши колдоп берди, экөө каршы добуш берди.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул эмес. Партия чечимди «саясий буйрук» деп атап, сотко кайрылмай болду.