Боршайком «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды. Партияны каттабоо тууралуу чечимди Боршайкомдун 9 мүчөсү колдоп, экөө каршы болду.

БШКнын жумушчу тобунун берген корутундусуна ылайык, «Бүтүн Кыргызстандын» Боршайкомго берген талапкерлердин тизмеси съездде кабыл алынган тизме менен дал келбейт. Андан сырткары съезд учурунда бир катар эрежелер бузулган.

Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде тартылган тасмада делегаттар талапкерлердин тизмесине Турсунбай Бакир уулун, Темир Сариевди, Токтосуновду, Кенжебаевди кошушканы көрүнүп турганы айтылды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган акыркы тизмеде алар жок болуп чыккан. Ошол эле маалда, партиянын курултайында добуш берүү купуялуулугу бузулганы белгиленди. Съезд учурунда тартылган видеодо делегаттар ачык эле түрдө бюллетендерди толтуруп жатканы көрүнгөнү айтылды.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова саат 17:53тө эле «Бүтүн Кыргызстанды» каттоо жөнүндөгү чечимдин долбоору БШК мүчөлөрүнүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Абдрахматованын айтымында, анда документтер мыйзамга туура келерин жумушчу топ белгилеген. Бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүп кеткени. «Бир сааттык тыныгуу учурунда эмне өзгөрүп кетти? Бизге жөнөтүлгөн чечим долбоорунда "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо деп жазылган» деп ал БШКнын жумушчу тобуна суроо салды.

«Нуржан Карманбековна, сиз “мен кылдым” деп жоопкерчиликти алыңыз, же жумушчу топтун жетекчиси жооп берсин. Жумушчу топ жооп берсин. Мен сизге ишеним көрсөтпөйм. Сиз "Кыргызстан" партиясынын айланасында башаламандык жараттыңыз, азыркы учурда да ушундай кайталанып жатат», — деди Абдрахматова.

БШКнын төрайымынын орун басары, жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул маселе танапис учурунда каралып, чечим долбоору өзгөртүлгөнүн тастыктады.

Абдрахматова «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым жумушчу топ эки чечим долбоор даярдаганын айтып, алар партияны шайлоого катышууга каттабоо тууралуу чечимди колдоп берүүнү суранып жатышат деди. Абдрахматова Шайлдабековага ишеним көрсөтпөй турганын дагы белгилеп, жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол койгон документти кайрадан талап кылды.

«Демек ал документ жок экен. Менин суроомо жооп бериңиздер!» — деди Абдрахматова.

Ал ошондой эле партиянын съездине катышкан БШКнын эки мүчөсү жана юристи мыйзам бузуу жок болгонун буга чейин билдиришкен деп кошумчалады.

Мүчөлөр ортосунда чечимдин долбоорунун өзгөрүшүнүн мыйзамдуулугу боюнча талаш чыкты. Жыйынтыгында чечимди добушка коюу сунушталып, мүчөлөрдүн көбүнүн добушу менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тартылды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эртең, 4-сентябрда, партиялардын шайлоо бюллетенинде канчанчы орунда жайгашарын аныктоо үчүн чучукулак кармаларын билдирди.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда аталган партиянын атынан шайлоого катышуу ниетин билдирген Турунбай Бакир уулунун арызын караган. Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» съездде кабыл алынган тизмени БШКга тапшырбастан, өзгөртүлгөн тизме тапшырылганын айтып, партияны шайлоого катышуу үчүн каттабоону суранган. Бирок анын арызы четке кагылып, БШК тизмеге байланышкан маселелер партиянын ички маселеси экенин белгилеп, Бакир уулуна сотко кайрылуу сунушталган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК «Бүтүн Кыргызстан» менен «Актив» [5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн койгон эмес] партиясын каттоодон баш тарткандыктан, шайлоого жалпысынан 15 партия аттана турган болду. 4-сентябрдан тарта үгүт иштери расмий түрдө башталат.