Москва: «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери митингге чыкты

4-сентябрда Москвада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери кыргыз элчилигинин алдына митингге чыгып, партияны шайлоого катышуу үчүн каттоону талап кылышты. Алар колдоруна «Сот, адилеттүү бол!», «“Бүтүн Кыргызстанды каттагыла!”» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Митинг бир нече саатка созулуп, партиянын өкүлү журналисттерге акцияга 50гө чукул адам келгенин кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда 15 партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттады. Алар 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Ошол эле учурда боршайком эки саясий бирикме, «Бүтүн Кыргызстан» жана «Актив» партияларын каттоодон баш тарты.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 4-сентябрда басма сөз жыйында аларда БШКнын партияны каттоого ала турганы боюнча чечими бар болгонун, бирок комиссия чечимин «45 мүнөттө өзгөртүп» салганын билдирди. Партия Жогорку сотко кайрылат.

БШК «талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн партиянын съездин өткөрүүдө бузуулар болгон» деп билдирүүдө, анткени БШКга берилген тизме «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү съездде бекиткен тизмеден башкача болуп чыккан. Ошондой эле БШК партиянын съезди боюнча видео тасмадан добуш берүүнүн сыры бузулганын аныктаган.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

«Ишеним жок, үмүт бар». «Бүтүн Кыргызстан» Жогорку сотко кайрылат

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого катышуудан четтетти, чечим танапис учурунда өзгөрүлдү