«Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров партиянын шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттады. Мадумаров басма сөз жыйын куруп, Жогорку сотко кайрыларын айтты.

«Булар регламентти бузуп, жок токтомго добуш беришти. Атыр Абдрахматова кайра-кайра какшабадыбы. "Мага көрсөтүп койгула" деп айтты. Юридика илимдеринин доктору "Мен жыйынга катышкан эмесмин, ал жерде менин колум жок" деп жатпайбы. Ошондуктан көп суроолорго биз соттон мүмкүн жооп татабыз. Сотко ишеним жок, үмүт бар», — деди ал.

Мадумаров сотко кайрылуу үчүн партия учурда БШКдан документтерди күтүп жатканын белгиледи.

Партиянын мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 4-сентябрда башка мүчөлөр менен чогуу берген маалымат жыйында «Бакир улуунун шылтоо кылып» аларды шайлоодон алып салышканын билдирди. БШКнын чечимин болсо «саясий буйрук» деди.

«Биз сотко кайрылабыз, аягына чейин чыгабыз, өзүбүздүн укуктарыбызды коргошубуз керек. Тарыхка кайрыла турган болсок, саясатка бүгүн эле аралаша калган жокпуз. Таза шайлоо болмоюн Кыргызстан өнүкпөйт. Буга чейин бийликке криминал, мафия, бандиттер келди деп айттык. Мафия азырынча бизди жеңди, бирок биз аягына чейин турабыз», — деди Суваналиев.

Суваналиев сот акыйкат чечим чыгарабаса Конституциялык укуктарын талап кылышарын айтты.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген. Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен. Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.