Айдоочу рулду башкара албай калган. Кара-Суудагы жол кырсыктан эки киши каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу районунда 10-сентябрда «Daewoo Nexiaнын» айдоочусу унааны башкара албай, жолдон чыгып жол четиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен эки адам каза болду.

«Жол кырсыгынан үч киши жабыркаган. ӨКМдин Ош шаарындагы куткаруучулары каза болгон адамдардын сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы ооруканага жеткирген», — деп жазылат ӨКМ билдирүүсүндө.

Мындан бир апта мурун Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында «Ауди А6» унаасы «ХОВО» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, 8 адам каза тапкан. Маркумдардын арасында беш эркек, эки аял жана жашы жете элек бир бала болгон.