Тогуз-Торо районунда жол кырсыгынан улам 8 адам каза тапты

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында «Ауди А6» унаасы «ХОВО» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп кетип, 8 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-сентябрда эртең менен болгон. Маркумдардын арасында беш эркек, эки аял жана бир жашы жете элек бала бар.

«Турмуш» басылмасы каза болгондордун тизмесин жарыялады:

1. М.Биймурза 1962-жылы туулган (унаанын айдоочусу);

2. О.Гүлүмкан 1963-жылы туулган;

3. Т.Иният 1943-жылы туулган;

4. О.Узак 1965-жылы туулган;

5. Б.Батма 1965-жылы туулган;

6. Б.Майрам 1962-жылы туулган;

7. К.Элхан 2012-жылы туулган;

8. К.Гүлүмкан 1967-жылы туулган.

«Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

Казарман айылы аркылуу Түндүк – Түштүк унаа жолу өтөт. Унаалар жаңы асфальтталган жолдо кагышкан.