«Акча үчүн кызыл зонада иштедиңер». Токтогулда COVID-19га чалдыккан медиктер президентке кайрылышты

Жалал-Абад облусундагы Токтогул аймактык ооруканасынын медиктери 10-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго видеокайрылуу жолдошту. Медицина кызматкерлери аларга жетекчилик тарабынан басым жасалып жатканын айтышып, шарттар түзүлбөгөндүктөн коронавирус жуктуруп алышканын белгилешкен.

https://www.facebook.com/100012287328150/posts/1045453129207588/

«26-[августта] COVID-19 [менен ооругандарды] кабыл алып иштедик. Аларды биздин реанимация бөлүмүнө алып келип жаткызып коюшту. Эч кандай шарттар каралган эмес, биз жерде жаттык. Ошентип бизге — алты кишиге — коронавирус жугуп калыптыр. Биздин мамлекетибиз, Токтогул администрациясы шарттарды түзбөгөндүктөн биз баарыбыз ооруп отурабыз», — деп айтты дарыгерлердин бири.

Медкызматкердин айтымында, оорукананын жетекчилиги аларды «коронавирусту өзүнүн шалаакалыгынан улам жуктуруп алышкан» деп айыптап жатышат.

«Бизге болгону жакшы сөз, жакшы аракет керек болуп жатат, жакшы колдоо керек болуп жатат. Биздин башкы дарыгерибиз [Нуржамал] Тешебаева, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси жана [Токтогулдун администрациясынан] күндө келишип үстүбүздөн кекетип жатышат. [...] Эми болсо “үйүңөргө кеткиле” деп үйгө кетирүүгө мажбурлап жатышат. Бул кандай болот эми? Күнөө Токтогул районунун акиминде, себеби ал командасын жакшы иштете албай жатат », — деген медик аны башкы дарыгер Нуржамал Тешебаева жумуштан бошотуу менен коркутуп жатканын кошумчалады.

Дагы бир медиктердин бири жетекчилик «психологиялык басым» жасап жатканына даттанды. Анын себебин коронавируска чалдыккан медкызматкерлерге каралган компенсация маселеси менен байланыштырышты.

«Биздин кызматкерлердин ден соолугун ойлобой, “силерге акча төлөнбөйт, силер акча үчүн [кызыл зонага] кирип кеткенсиңер” деп бизге психологиялык басым жасап, ден соолугубузга зыян келтирип жатат. Биз, алты кызматкер, коронавирус жуктуруп алып отурабыз...», — деген медик.

Видеокайрылуу жасаган медкызматкерлер үйлөрүнө кете алышпасын белгилешкен. Алар инфекцияны жакындарына жугузуп алуудан коркуп жатышат.

Кайрылуунун аягында медкызматкерлер көздөрүнө жаш алып президенттен кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Мындан сырткары медиктер мындан ары «мамлекеттен бир тыйын албай» да коронавирус менен күрөшүүгө даяр экенин кошумчалашкан.

«Урматтуу президент, урматтуу министр! Акимди, биздин Токтогул аймактык оорукананын башкы даарыгерин, Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы даарыгерин, санэпидемстанциянын башкы даарыгерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүшүңүздөрдү талап кылабыз. Ошолордун үстүнөн мыйзамдуу гана чара көрүшүңөр керек. Биз жан отубуз менен иштеп беребиз, эсен-аман чыксак, кудай буюруса. Биз дайыма иштеп келгенбиз жана дайыма иштей беребиз», — деп түшүндүргөн медик.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» бул видеокайрылуу боюнча текшерүү болоорун билдирди.

«Медицина кызматкерлердин кайрылуусу боюнча комиссия түзүлүп, Токтогул аймактык ооруканасына жиберилет. Анын натыйжасында кошумча маалымат берилет», — деди Айгерчинова.

Токтогул райондук администрациясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда 11-сентябрга карата COVID-19дун 44 761 учуру катталды — алардын ичинде 3 163 медкызматкер бар. Өкмөт иш убагында коронавируска чалдыккан медиктерге 200 миң, ал эми илдеттен каза болгон медкызматкерлердин үй бүлөлөрүнө 1 млн сомдук кун төлөп бермекчи. Бирок ага чейин министрлик ар бир учурду иликтеп, медик коронавирусту кантип жуктурганын аныктайт.

Саламаттык сактоо министрлиги 30-июнда коронавирустан улам 73 медкызматкер каза болгонун кабарлаган. Мекеме 11-сентябрда COVID-19ду жуктурган 144 медкызматкерге 200 миң сомдон, ал эми илдеттен көз жумган 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдук компенсация төлөнүп бергенин маалымдады.