Видео: Токтогулдун тургуну «Биримдик» партиясында «уурулар бар экенин» айтты

«Биримдик» саясий партиясынын талапкерлери 15-сентябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда тургундар менен жолугушту. Алардын арасында мурдагы соцөнүгүү министри Улукбек Кочкоров, вице-спикер Аида Касмалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров жана Нурбек Тотонов да бар болгон.

Жолугушуу учурда аталган райондун тургуну сахнага чыгып, Тотоновду салык төкпөй аймактан квас алып чыгып кеткенине айыптады. Ошондой эле «араңарга ууруларды кошуп алыпсыңар» деп билдирди.

« …өмүрүңөр узун болсун. Бирок курамыңарга Токтогулдан жакшы талапкер тандап албапсынар. Бизде квас сатылат. Тотонов Нурбек 1000 тонна квасты салыгын төкпөй туруп алып чыгып кеткен. Андан 2-3 млн түшүш керек эле. Азыртан араңарга ууруларды кошуп алсаңар анда биз эмне кылабыз? ... Эмне үчүн Токтогулдан бирөө эле? Биз шайлайбыз, бирок ууруларды эмес. Уурлардын кереги жок бизге» — деген аксакал тургун.

Ал эми Тотонов аксакал айткан ишке өзүнүн тиешеси жоктугун айтты. Ошондой эле ал «бирөөнүн ажатканасы кулап калса деле башка бирөөнү күнөөлөй берген болбойт» деди.

«Менин атым да аталып калды, эми мен жооп бербесем болбойт. Туура, Кайраттан квас ташылып жүргөн экен, мунун лицензиясын алган балдар бар. Алар иштерин кылып, биринчи “пробныйга” алып кеткен экен, ага биздин эч кандай тиешебиз жок. Мен тактык үчүн айтып коёюн дедим», — деген Тотонов.

Нурбек Тотонов «Биримдик» партиясынын тизмесинде №43 орунда турат. Ал 2018-жылы Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. Ошондой эле Тотонов «Токтогул-150», «Кетмен-Төбө Көк-Бөрү федерациясы» жана «Коргол Ата» коомдук фонддорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси.

«Клооптун» журналисти «Биримдик» саясий партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев менен байланышканда, бул маалымат боюнча юристтер менен такталып жаткандыгын айтып, кошумча маалымат берерин убадалады.

«Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Үгүт иштери 3-октябрда аяктамакчы.