Ысык-Көл: Мурдагы аким «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барбай турган болду

Данир Иманалиев. Сүрөт: Иманалиевдин фейсбук баракчасынан алынды

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан парламенттик шайлоого бараткан Данир Иманалиев фейсбук баракчасына 16-сентябрда аталган партиянын катарынан чыкканын маалымдады. Ал «Мекеним Кыргызстандан» эмнеге кеткенин ачыктаган жок.

«Мен бул күндөн тарта "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болуп эсептелбейм жана ошондой эле аталган партиянын курамында эмесмин. Белгилүү себептерден улам аталган партиянын курамынан өз каалоом менен чыктым. Эгер кимдир бирөөнүңздөрдүн ишеничиңиздерди актай албай калган болсом кечирим сурайм», — деп жазган Иманалиев.

Иманалиев буга чейин 2016-жылдан тарта Ысык-Көл районунун акими болуп эмгектенген. Ал бул кызматынан 10-августта өз каалоосу менен кетип, саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине кошуу сунушу түшсө баш тартпай тургандыгын билдирген.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан өкмөттүн Ыссык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Алена Хоменко да чыкканын маалымдаган. Ал фейсбук баракчасына аталган партия менен жолу бир эместигин белгилеген.

«Достор, расмий түрдө “Мекеним Кыргызстан” партиясынан чыккандыгымды кабарлайм. Мен тизмеде №3 орунда болчумун. Партия мүчөлөрү менен урушкан жокмун, эч ким менен келишим да кылган жокмун, жөн гана чыгып кеттим», — деп билдирген ал.

Ошондой эле партиянын курамынан ырчы Урмат Үсөнөв да чыккан. Ал мындай чечим кабыл алышына «жүйөөлүү себептер бар» деп белгилегени менен аны ачыктаган жок. Бирок постуна «маданият саясатка эмес, саясат маданиятка муктаж» деп жазган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — OCCRP, «Азаттык» жана Kloop даярдаган «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү. Ошондой эле, бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкерелеген.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады.