Видео: Ырчы Урмат Үсөнов «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого барбай турган болду

Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси, ырчы Урмат Үсөнов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Буга чейин ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин бири болгону айтылган. Ошондой эле партиянын 19-августтундагы съездине да катышкан.

Сүрөт: «Мекеним Кыргызстан» партиясы

Үсөнов шайлоого барбай турганы тууралуу видеокайрылуу жасап, фейсбук баракчасына 26-августта жарыялады. Ал мындай чечим кабыл алышына «жүйөөлүү себептер бар» деп белгилегени менен аны ачыктаган жок. Бирок постуна «маданият саясатка эмес, саясат маданиятка муктаж» деп жазды.

«Шайлоого катышпоо тууралуу чечимимди кабыл алдым. Негизи эле шайло тууралоо сүйлөшүүлөр кеч күздөн бери башталган. Анда азыркы ар кайсы партияларда саясий беткап катары колдонуп жаткан замандаштарыбыз менен бир болууну самаганбыз. Белгилүү күч болуу үчүн күч аракеттерди жасаганбыз. Бирок, тилекке каршы, ишке ашкан жок», — деди Үсөнов.

Ырчы ошондой эле ага сын айткандарга ыраазчылык билдирди. Ал буларды «Кыргызстандын келечеги үчүн тынчсыздануу» катары кабыл алганын кошумчалады. Мындан тышкары, ал «татыктуу эл өкүлү болуу талапкердин кайсы партияда экенине эмес анын деңгээлине байланыштуу» деген оюн айтты.

«Татыктуу эл өкүлү болуу вазыйпасы бул партиянын атына, лидердин деңгээлине, фракциянын курамына жана башка факторлорго байланган эмес. Бул талапкердин, же болбосо депутаттын гана деңгээлине байланыштуу. Максатына көз каранды. Эгерде анын деңгээли бийик, дээри бар, максаты ак, аракети күч боло турган болсо — ага эч кандай абал таасир эте албайт. Ал сөзсүз түрдө өзүнүн бар экендигин билдирип, позициясы жөнүндө айта алат. Ал эми тескерисинче дээри дымык, деңгээли төмөн боло турган болсо, кандай гана идеалдуу командага кошуп жөнөтпөйлү, парламентке барганда ал “оозундагы талканыны бүркүй албай” отурганы отурган болот. Эки жагдай боюнча тең бизге тарых тастыктады», — деди Үсөнов.

Ырчы Урмат Үсөнөв "Мекеним Кыргызстан" партиясын таштап кетип туура кылдыбы?

Урмат Үсөнөв "Мекеним Кыргызстан" партиясын таштап кетип туура кылдыбы?

Posted by Элита Сатирасы on Wednesday, 26 August 2020

Ошондой эле «24.kg» басылмасы өздүк булактарына таянып, депутаттар Каныбек Иманалиев («Ата Мекен») жана Акылбек Жапаров («Бир Бол») шайлоого катышпай турганын маалымдады. Жапаров буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бир канча жыйындарында катышып жүргөн. Ал эми Иманалиев да партиянын алгачкы жыйынына катышканы тууралуу сүрөттөр жарыяланган.

Сүрөт: «Мекеним Кыргызстан» партиясы

Иманалиев «Азаттыкка» шайлоого барбасын тастыктап, бирок буга чейин кайсы бир партия менен шайлоого бара турганы жөнүндө мурда сөз кылбаганын билдирген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын жактоочусу Канатбек Азиз да бар.

Искендер Матраимовдун иниси Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты жана бажы башчысынын мурдагы орун басары. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимов президент Жээнбековдун шайлоосуна демөөрчү болгонун бир нече жолу көтөргөн. Шайлоодогу демөөрчүлүк тууралуу парламентте да сөз болгон — анда Матраимовдордун эсебинен КСДПнын мүчөлөрү шайланган деп айтылган.

Райымбек Матраимовдун дагы бир тууганы — Тилек Матраимов — Кара-Суу районунун акими болуп иштейт. Ал эми анын жубайы Уулкан Тургунова Абдукадыр кланы менен бир бизнеске ээлик кылат. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу аткез товарынын өтүшүн ишке ашырган ишкер болуп саналат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы алгач 17 партияны каттаган. Бирок «Кыргызстан» партиясынын өкүлү документтерин кеч бергени үчүн БШК аларды шайлоодон четтеттүү чечимин кабыл алды.