«Жыга чапмакмын». Суваналиев Атамбаевден «Көтани» деп атаганы үчүн кантип өч алмактыгын айтты

Өмүрбек Суваналиев

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Атамбаев аны мазактаганы үчүн жыга чапкысы келгенин журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде айтты.

Суваналиев «чыныгы жигит» жерде жаткан кишини тепкилебей турганын айтып, эгер андан өч алгысы келсе жеке өч алмактыгын билдирди.

«Мен Атамбаевден өч алсам жеке өч алышым мүмкүн. Атамбаев мени шылдыңдаганы үчүн эгер жеке жолугуп калсам жыга чабам деп тамашалап айтып калчумун. Жанындагы коргоочулары да коргогонго жетишпей калат дечүмүн. Бирок Атамбаев бүгүнкү күнү түрмөдө жатат, ошон үчүн мен ага карата жаман айткан жокмун», — деди ал.

Андан сырткары ал «президент болгондон кийин түрмөдө жатуу бул өтө оор, Кудай өзү жазалап койду» деген пикирин билдирди.

Ошондой эле, Атамбаев президент болуп турганда, ага карата каршылык көрсөтүү кыймылын уюштуруп «сен узурпаторсуң», «шоопуруң биринчи камалат, кийин өзүң камаласың» деп биринчилерден болуп айтып чыкканын кошумчалады.

2010-жылы митинг учурунда ал кездеги оппозициядагы Алмазбек Атамбаев чогулгандардын алдында сүйлөп жатып генералдарды эл менен болгула деп чакырышканын бирок алар баш тартканын айткан. Өз сөзүндө ал коом арасында «камиссар Катани» деп белгилүү болгон генерал Өмүрбек Суваналиевди «көтани» деп атаган.

Мындан сырткары Атамбаев элдин башында болуудан баш тарткан генералдар «юпка эмес, стринги кийип алышы керек» деп айткан.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бийликтен кулап, Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул күнү митингге чыккандарга карата ок атылып кеминде 87 киши каза болгон.

Кийин бул окуя боюнча сот иштери уланып, жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен.

Курманбек Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек алган. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо иштеринен азырынча майнап чыга элек.