«Биримдик» партиясы: Талапкер Кадамжайдагы мечитте эл менен жайында жолуккан

Сайдолимжон Жураев

«Биримдик» саясий партиясынын талапкери, парламенттин депутаты Сайдолимжон Жураев мечитте эл менен жолугушкан видеосу фейсбукка 17-сентябрда жарыяланды. Аны саясат талдоочу Айданбек Акматов жеке баракчасына жүктөп, үгүт иш-чарасы Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан мечитте болгондугун белгилеген.

Ошондой эле Акматов «Бул мыйзамга каршы келген көрүнүш. Же бийлик талапкерлерине мыйзам жокпу?» деп суроо салган. Анткен менен тасмадан Жураевдин эмне тууралуу сөз кылганын түшүнүү мүмкүн эмес, анткени үн сапатсыз жазылган.

Бийликтин «Биримдик» партиясынын талапкери Сайдалим Жураев Кадамжайдын Уч-Коргон айылында мечитте угут иштерин жургузуп журот. Бул мыйзамга каршы келген корунуш. Же бийлик талапкерлерине мыйзам жокпу?

Posted by Aidanbek Akmatov on Thursday, September 17, 2020

«Биримдик» саясий партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Клоопко» аталган партиянын мүчөлөрү Кадамжай районуна барышкандыгын тастыктады. Бирок фейсбукка жүктөлгөн видеотасма үгүт иштери башталганга чейин жай мезгилинде тартылган деп ишендирди.

«Бул тасма “Биримдик” партиясынын беделине шек келтирүү максатында жайылтылган кезектеги аракет», — деди Султаналиев.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева партиялар мечиттердин жана кайрымдуулук фонддордун имараттарында үгүт иштерин жүргүзө албастыгын маалымадады.

«Мечитте өзүнүн багытына жараша иштер болушу керек, саясий иштерди жасоого тыюу салынат. Эгер мындай факт аныкталса анда БШКнын жыйынында каралып, тийиштүү чаралар көрүлүшү керек», — деди Журабаева.

Сайдолимжон Жураев «Биримдик» партиясынын тизмесинде №46 орунда турат. Ал 2015-жылы КСДП партиясы менен парламентке шайланып келген.

«Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

Буга чейин 11-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясы да Кара-Суу районунда тургундар менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууга Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит Батыров да катышып, ал аягында «бата» берген.

*Мыйзамга ылайык диний ишмерлерлер үгүт жүргүзүүгө жана үгүт иш-чараларына катышууга, үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.

Бир нече күндөн кийин Батыров облустук казыят тарабынан эскертүү алган. Муфтий Максат Токтомушевдин диний ишмерлердин үгүт иштерине катышпоо тууралуу атайын буйругу да бар.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Үгүт иштери 3-октябрда аяктамакчы.