«Мекеним Кыргызстандан» чыгып кеткен аял талапкерлер партиянын гендердик квотасына таасир бербейт

Иллюстративдик сүрөт

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан сегиз аял талапкердин чыгышы партиянын гендердик квотасына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттык» басылмасына билдирди.

*Мыйзам боюнча, депутаттыка талапкерелрдин тизмесин түзүүдө бир нече квота сакталууга тийиш — гендердик квотага өзгөчө көңүл бурулат. Ага ылайык, бир жыныстагы талапкерлердин пайызы 70тен ашпоосу керек.

Бекматовдун айтымында, квота БШКга талапкерлердин документтерин тапшырган кезде гана эске алынат. Андан кийин талапкерлердин тизмеден чыгып кетишине байланыштуу өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деди ал.

Мындан бир күн мурун «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен тогуз киши чыгып кеткен. Анын ичинен сегизи аял талапкер. Алардын ичинде соцөнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова бар. Ошондой эле партиядан №57 орунда бараткан Ош облусундагы Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Хамракул Жаныкулов да чыкты.

Партиядан чыгып кеткен талапкерлер өздөрү арыз жазып чыгышканы менен, себептери так айтыла элек. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» да бул боюнча билдирүү тарата элек.

Буга чейин 19-сентябрда аталган партиядан Ысык-Көл районунун мурдагы акими Данир Иманалиев чыккан. Бирок ал да «Мекеним Кыргызстандан» эмнеге кеткенин ачыктаган эмес.

Мындан сырткары өкмөттүн Ыссык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Алена Хоменко да партиядан чыкканын маалымдаган. Ал фейсбук баракчасына аталган партия менен жолу бир эместигин белгилеген.

Ошондой эле партиянын курамынан ырчы Урмат Үсөнөв да чыккан. Ал мындай чечим кабыл алышына «жүйөөлүү себептер бар» деп белгилегени менен аны ачыктаган жок. Бирок постуна «маданият саясатка эмес, саясат маданиятка муктаж» деп жазган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — OCCRP, «Азаттык» жана Kloop даярдаган «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү. Ошондой эле, бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкерелеген.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады.