Сүрөт: Мекеним Кыргызстан

Матраимовдордун кланына байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы Сокулуктун шайлоочулары менен үгүт жолугушуу өткөрдү.

50дөн көп адамдын чогулуусуна тыюу салынганына карабастан, партия миңдеген адамдар бата турчу ат майданга элди чогултту. Партиянын мүчөлөрү бийчилер, элечек кийген аялдардын саны эле 50гө чукулдады. Бийчилер концерттик программанын бир бөлүгү болгону шексиз, бирок, пандемия маалында концерт өткөрүүгө да тыюу салынган.

Жарандардын бир бөлүгү ат майданга беткап тагынып келишкен, бирок алардын аралык сакташкан эмес. Партия шайлоо эрежелерин бузуу белгилери бар сүрөттөрдү фейсбуктагы барагында жарыялаган.

Эреже бузуулар жана чуулар

Үгүт мезгилинде «Мекеним Кыргызстан» партиясы бир нече жолу эреже бузууга шектелген.

Мисалы, айым талапкерлер чыгып кеткенден кийин партия тизмедеги аялдарга болгон 30%дык квотаны сактаган эмес. Мындан тышкары, партиянын талапкерине концерт өткөргөндүгү үчүн айыппул салынган.

Чуулуу окуяларда да партиянын аты бир нече жолу аталган. Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапташтарынын ортосунда массалык мушташуу орун алган. Мындан бир нече күн өткөндөн кийин Нарын облусунда «Республиканын» үгүтчүсү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүлөрү кол салышканын айтып чыккан. Бул биринчи кол салуу эмес — өлкөнүн түштүгүндө «Мекеним Кыргызстандын» эки үгүтчүсү «Биримдиктин» агитаторуна кол салышкан.

Аталган партиянын дарегине башка олуттуу айыптоолор да айтылган. Мисалы, паспорт чогултуу, шайлоочуларды №2 формасы боюнча жапырт каттоо, сатып алуу. Партия бардык айыптоолорду четке кагууда.