«Мекеним Кыргызстан» партиясы агитациялык жолугушуудагы уруш чагымчылдар тарабынан жасалганын билдирди

Видеодон алынган скриншот

Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө 20-сентябрда саат 18:30 чамасында «Мекеним Кырызстан» партиясынын талапкери, парламенттин депутаты Ильхом Маннановдун катышуучусунда агитациялык жолугушуу учурунда уруш чыкты.

Чогулушка 100дөй киши катышкан, саат 19:15те Араван райондук ички иштер башкармалыгына белгисиз жаран Араван айылында жаңжал болуп жатканы тууралуу кабар берет.

Социалдык тармактарда тараган видеодон мушташка ондогон киши катышканын көрүүгө болот. Аялдар кыйкырып, чырды токтотууга аракет кылган. Натыйжада райондук ооруканага 11 киши кайрылган, ал эми Ош шаардык ооруканасына бир киши денесине түрдүү жаракат менен жеткирилген. Алардын ичинен бир кишинин абалы оор деп бааланууда. Мындан сырткары 5 автоунаа талкаланган.

Маннанов КСДП партиясынан 2015-жылы парламентке депутат болуп шайланып келген. Учурда «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде №33 орунда катталган. «Кактус» басылмасы чырда депутат жабыркаган жок деп билдиришти. Милициядан Маннанов жолугушуу өткөрөөрү тууралуу аларга кабарлаган эмес дешти.

Окуяга катыштыгы бар 10 киши кармалып сурак беришүүдө. Ошондой эле жабыркагандар да суралат.

Ош ОИИБи тараткан пресс-релизде мушташтын чыгуу себеби белгисиз деп жазылган. Ал эми облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Азаттыкка» жаңжал үгүт иш-чарасын өткөрүп жаткан талапкердин башка партиянын талапкерин «жамандап койгону» себеп болгонун белгилеген.

«Алдын ала маалымат боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын кандидатын жамандап сүйлөй баштаган учурда жаңжал чыгып кеткен. Мушташ 10-15 мүнөт уланган. Учурда абал тынч», — деген ал.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы фейсбук баракчасында расмий билдирүү таратты. Анда белгисиз чагымчыл топ тарабынан агитациялык жолугушуу үзгүлтүккө учурап, алар иш-чаранын катышуучуларын сабап киришти деп айтылат. Мындан улам партиянын бир нече тарапташы жабыркап, алардын бири Ош облустар аралык ооруканада оор абалда экенин маалымдашты.

«Окуя болгон жерден көптөгөн видео тараган, алардын айрымдарында ким чырга себеп болгону жана эмне болгону так көрсөтүлгөн … Биз иш бейтараптуу жана объективдүү каралат деп ишенебиз. Ошентсе да аталган фактка карапайым жарандар менен эл аралык байкоочуларды көңүлүн бурабыз», — деп билдиришти партиядан.

Ошондой эле партиянын атынан фейк маалыматтар тарап жатканы да белгиленген.

Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Ал тизмеде №74 орунда. Азырынча милиция жана партиялар уруш Маннанов менен Файзуллаевдин тарапташтарынын ортосунда чыкканын тастыктап же төгүндөй элек.

Бирок Аравандагы окуяга байланыштуу «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев да фейсбукта пост жарыялады. Анда чагымчылдыкка күнөөлүү болгондор жазаланышы керектиги айтылат. Мындан тышкары партиядагылар укук коргоо органдары кыска убакыттын ичинде иликтөө жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттөнүшөт.

Анткен менен «Биримдик» агитациялык иш-чаралар коопсуздук талаптарды сактоо өтүшү керектиги жана партиялардын өкүлдөрү чагымчылдык билдирүүлөрдү жасабашы керектиги да белгиленген.

Араван райондук милициясы окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Араван РИИБинин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүлөт», — деп маалымдашты Ош ОИИБинен.

«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тиреши

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазов өзүнүн фейсбук баракчасында пост жазып, анда «Биримдик» партиясынын өкүлү Азамат Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултканын» айткан. Ошондой эле, ал бул иштеринен кайтпаса «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп эскерткен.

Оштун милициясы Атазовдун сөздөрүн экспертизага жөнөтүп, жыйынтыгында экспертиза Атазовдун сөзүндө «баш аламандыкка чакыруу» белгилери бар деп корутунду чыгарып берген. Атазовго карата Жазык кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошол эле учурда Ош ШИИБи «Биримдиктин» өкүлү Арапбаевдин паспорт чогултканы тууралуу маалыматтын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө баштаган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми «Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады.