Нарында «Республиканын» үгүттөөчүсү сабалды. «Мекеним Кыргызстан» тиешеси жоктугун айтууда

Нарын районундагы Алыш айылында «Республика» партиясынын үгүттөөчүсү Алтынбек Асеков сабалды. Бул тууралуу партиянын талапкери Тынчтыкбек Алтымышев 22-сентябрда фейсбук баракчасында кабарлады.

Алтымышев билдиргендей, Асековду «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Толон Төлөгөнов жана Максат аттуу эки тарапташы токмоктогон. Ал эми жабыркаган үгүттөөчү видео кайрылуу жасап, чыр №2 формадан улам чыкканын айтты.

Нарында Республика партиясынын активисти сабалды. Бийлик, милиция, БШК бул окуяга баасын берип, куноолуулор жазаланышы керек!

Posted by Мирбек Айтикеев on Tuesday, September 22, 2020

«“Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлору Алыш [айылына] келип, ошол жерден балдарды тартып, форма №2 менен Нарынга чыгарып, жадагалса “Республика” партиясынын агитаторлорунун бирөөсүн чыгарып кеткен. Биз ошол үчүн ырылдап, кечээ күнү ошол аркылуу конфликт болду. “Мекеним Кыргызстандын” агитаторлору Төлөгөнов Толон жана Максат айылга барып, буга чейин дагы [шайлоочуларды] ташып келген. “Ташып кеткен элдерин биз кайра бербейбиз” деп, “биздин агитаторлорду бербейбиз” деп, ар кандай сөздөр менен басынтып, коркутуп алганга чейин барып жатат», — деди Асеков.

Ошондой эле «Республиканын» үгүттөөчүсү мээси чайкалып, кабыргалары сынганын кошумчалаган.

Нарын райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча Алтынбек Асеков жана Максат аттуу киши менен той мааракеде мас абалда чырдаша кетишкен.

Милиция «24.kg» басылмасына уруша кеткендер буга чейин «Республика» партиясына иштеп келгенин билдирген. Ал эми чыр Максат «Мекеним Кыргызстан» партиясына өтүп кеткендиктен чыкканын кабарлашкан.

Ал эми «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Элнура Алканова «Клоопко» окуянын катышуучулары партияга тиешеси жоктугун билдирди. Мындан сырткары ал «Республиканын» талапкери Тынчтыкбек Алтымышев «жалган маалымат таратканы үчүн» ага чара көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз даярдалып жатканын кошумчалады.

«Нарын районунун Алыш айылында эки бир тууган алкоголь ичип отурган учурда пикир келишпестик пайда болгон. “Республикага” иштеген киши анын бир тууганы бул партия тууралуу айткан сөзүнө капа болуп, алардын ортосунда чыр чыккан. Бул кишилердин “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч кандай тиешеси жок», — деди Алканова.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунда «Биримдик» партиясынын тарапташы милицияга кайрылып, аны «Мекеним Кыргызстандын» үгүттөөчүлөрү сабаганына даттанган. Милиция эки шектүүнү кармап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» колго түшкөн жарандар партияга тиешеси жоктугун билдирген.

Ал эми августтун аягында социалдык тармактарда белгисиз адамдар телефон аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасап жатканы тууралуу аудиожазуу тараган. Аудиожазуудагы Тамара аттуу аял Нарын облусундагы Кочкор районунун шайлоочуларды Бишкекке форма №2 менен каттатып, алар «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бергени үчүн 2 миң сомдон бериле турганын айткан. Боршайком бул маалыматты карап чыгаарын убадаланган.